www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы жылдары жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен ракты дарылоо ыкмалары кеңири жайылат.
Бул тууралуу АКШнын саламаттык сактоо министри Роберт Ф. Кеннеди-младший айтканын бир катар чет элдик маалымат булактары жазды.
Анын айтымында, бул технологиялар ар бир бейтаптын генетикалык өзгөчөлүктөрүн, оорунун жүрүшүн жана башка медициналык маалыматтарды талдоо аркылуу так жана натыйжалуу дарылоо пландарын иштеп чыгууга шарт түзөт.
Кеннеди белгилегендей, бул багыттагы иштер саламаттык сактоо тармагында жаңы этаптын башталышы катары бааланууда. Максат – стандарттуу дарылоо ыкмаларынан айырмаланып, ар бир бейтап үчүн эң жакшы натыйжа берген жекече терапия моделдерин иштеп чыгуу.
Белгилеп кетсек, АКШдагы медициналык мекемелер жасалма интеллектке негизделген долбоорлорду каржылоону көбөйтүү менен маалыматтарды талдоону ылдамдатууга жана жаңы дарылоо ыкмаларын иштеп чыгууга, айрыкча балдар рагы тармагында, басым жасоодо.