www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыздын бышыккан саясатчылары бириккени жакшы, бирок бир топ саясатчылардын аты угулбайт. Экинчиден көпчүлүк спикерлер Акаев менен Бакиевден камчы жеп,жумшаган жерге чуркаган адатынан кала электей.
Бул билдирүүдө бүгүнкү күнү экономика, кадр саясаты, коррупцияга каршы күрөш, чек ара жана башка тармакта көп иштер жүрүшү керектиги, жалпы элдик референдум аркылуу президенттик же парламенттик башкаруу формасын аныктап алып, андан кийин Конституциялык реформаны баштоо зарылдыгы айтылган.
Учурда эл жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн чындап иштөө мезгили келгени кошумчаланып, бул билдирүү аркылуу бардык жарандарды провакация, жалган маалымат, убадаларга ишенбөөгө, кырдаалды туура түшүнүүгө, бөлүнбөөгө чакырык ташталган. Мыйзам алдында баары бирдей экени жана ар ким кылган иши үчүн жооп бериши керектиги жазылган. Мурдагы спикерлер кетирилген каталарды биргеликте оңдоп, укуктук-демократиялык коом курууга да үндөштү.
Кыргызстандын мурдагы спикерлердин кеңеши өлкөдөгү акыркы саясий кырдаал боюнча билдирүү таратты. Анда парламенттин мурдагы төрагалары Медеткан Шеримкулов, Алмамбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Исхак Масалиев, Акматбек Келдибековдун ысымдары жазылган.
Жоктору Адахан Мадумаров, Асылбек Жээнбеков,Чыныбай Турсунбеков.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»