www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ɵткɵн жумада ММКларга Жогорку Кеңештин депутаты, СДПК фракциясынын лидери Иса Ɵмүркуловдун учкай маеги «Азия Ньюс» гезитине «Жугунду ичкендердин баары Атамбаевдин короосуна чогулуптур» деген темада жарык кɵргɵн.

Ал маек чыккандан кийин соц.тармактарда талкууга алынып, Ɵмүркуловдун дарегине сын айткандар кɵп болду. Бул боюнча ɵзү менен байланышканыбызда мындай оюн билдирди: «Менин маек бергеним чын. Бирок, жазган журналисттен бир аз калпыстык кетип, айткан сɵзүмдүн багыты бир бурмаланып калыптыр. Мен жалпы элди эмес ошол Атамбаевдин короосуна келип, анын нааразычылык жыйында менин дарегиме сын айтып, мага асылып аткан айрым балдарды айткам, «жугунду ичкендер чогулуп алып мага асылып» атат деп. Жалпы элге антип айта турган адам эмесмин. Мен дагы бир жолу айтайын Атамбаевдин жыйынына келип алып мага асылгандар бирɵɵнүн «заказын» аткарып, жугундуга тоюп алып мени каралап аткандар. Ысык-Аталык, Аламүдүндүк жана Арашандык туугандарыма сын айтуудан алысмын. Аларга ар дайым терең ыраазычылыгымды билдирип келем. «Жугунду ичкендер» деп мен кимдердин дарегине айтканымды туура кабыл алыңыздар! Ушул айткандарымды гезит бетине чыгарып коюңуздар, эл ɵзү талдап алат» деген оюн билдирди. Биз билгенден Иса Ɵмүркулов айрым саясатчылар сыяктуу жалпы элди кемсинтип, басынтып, шылдыңдап, «абыке-кɵбɵштүн тукумусуңар», «малсыңар» деп келекелеп сүйлɵбɵйт. Демек, оңдоп коер катадан от чыгаргысы келгендер жаңылышат.

Ɵмүркулов такшалган саясатчы катары кемчиликти түздɵп, кайрадан түшүндүрүп айтып атканы жигиттик сапат эмеспи. Иса мырзанын айткандарын оукрман журтчулугу да туура кабыл алаарына ишенебиз! Жыпар Жекшеев АШАнын үйүн сагалаганында кандай сыр бар? Ɵткɵн жумада Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хансарайына КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы болуп кайра шайланган Жыпар Жекшеев барды деп уу-дуу түштүк. Эмне себептен Жекшеев ал жакка барды экен деген суроого Жекшеев өзү: “Ооба, экс-президенттин абалын сурап бардым. Анткени мен чыныгы демократмын”-деп жооп бериптир. Жыпар мырзанын чыныгы демократ экенин билбейбиз, бирок, ал киши башка максат менен Кой-Ташка барганынан күмɵнүбүз жок. “Дерьмократ” Жекшеев учурда акча жагынан кичине кысылып, кошумча акча табуунун айла-амалын издеп жүргөн жокпу деген суроо да жаралууда. “Атамбаевдин колу ачык эле, чөнтөктү ысыта калчу эле” деп барса барган чыгаар жарыктык киши. Карыганда кылтыңдабай түз жүрсɵ, ар кайсыл жакка башын тыкпай. Бир четинен буга теригип деле кереги жок, бул дагы абышканын «шабашкасы» да туурабы? Саясаттан «крит» кеткен Нарынбек Молдобаев акылдуусунбай эле койсун Кыргызстандын эң бай адамдарынын бири, түшүнүктүү тил менен айтканда олигарх, мурдагы депутат Нарынбек Молдобаев деген неме кечээ жакында кайсы бир басылмага маек берип: “Мурунку жана азыркы бийликтин өзүм билемдигинин айынан эгемендүүлүктөн айрылып калбасак болду. Андай жагдай орун алса, ага эл эмес, бийлик күнөөлүү болот. Эгерде азыр чыр чыгып кетсе, жеке эле бизнесмендер, жөнөкөй эл эле кыйналбастан, биз эгемендиктен айрылып калабыз. Эки кишинин амбициясы үчүн азыр Кыргызстандын экономикасы, биримдиги жана эгемендүүлүгү коркунучта турат”-деп боорду эзиптир... Молдобаев мырзага кɵрүнбɵй жатса айта кетели, азыркы бийлик эч кандай өзүм билемдик кылбастан, мыйзамдуу жол менен келе жатат. Коррупциялык иштерге тиешеси барлар камакка алынып жатат. Алардын арасында Алмазбек Атамбаев өзгөчө беле, же Кудайдын мурдунан түштү беле? Колу менен кылганды башы менен тартсын. Атамбаевге кошомат кылгысы келсе Кой-Ташка барып короосун шыпырып бербейби! Кезинде Алмазбек Атамбаевге бир ооз каяша айта албай куйругун кыпчып олтурган Молдобаев бүгүн эмне сын айтып калган? Же кызмат үмтɵтүп атабы? Саясаттан «крит» кеткенден кийин жɵн эле жата бербейби десең. Ал киши маек берсе эле коом ɵзгɵрүп кетеби?- деп жазат “Де-факто” гезити.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости