www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-декабрда мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңешменин жыйыны өтүп жатат.

Жыйындын жүрүшүндө Башкы прокурор Курманкул Зулушев президенттик шайлоо таза өтүшү керек экенин белгиледи.

“Азыр президенттик жарышта фавориттер бар. Тактап айтканда, Адахан Мадумаров, Садыр Жапаров, калгандарынын атын атабайм. Үгүт учурунда мыйзамдуулукту сактоону суранам. Үгүт маалында административдик ресурс байкалса, кайсы талапкер болбосун, биз чара көрөбүз”, – деди Курманкул Зулушев.

Башкы прокурор президенттикке талапкерлер шайлоо өнөктүгүнө мугалимдерди жана башка мамлекеттик кызматкерлерди аралаштырбашы керек экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости