www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Конституциялык реформаларга оң жана терс көз караштар болууда. Себеби эмнеде?

- 30 жылдан бери өлкөнүн экономикасы көтөрүлбөй, башка өлкөлөргө окшоп өсүп-өнүгүп кеткен жокпуз. Биз жөн эле бир орунда токтоп калгандай болуп жатабыз. Ошондон улам «конституциялык реформа болсо эле оңолуп кетебиз» деген ишеним көп болууда.

Ал эми ага партия лидерлери, айрым саясатчылар эле каршы деп айткандан алысмын. Байкашымча, көп эле адам каршы. Анткени президенттик башкаруу формасына кайтсак, бийлик бир эле кишинин колунда болуп калуу коркунучу бар. Анда 1937-жылдагыдай репрессиялар болуп калабы деп кооптонгондор да аз эмес.

- Кыргызстан үчүн башкаруунун кайсы формасы ылайыктуу?

- Азырынча карапайым эл башкаруунун кайсы системасы жакшы болоорун түшүнбөй турат. Күчтүү башкаруучу келип, таза иштеп берерин күтүүдө. Негизи биздин эл эркиндикти сүйөт. Эл башынан эле бир кишинин башкаруусуна каршы чыгып келген. Кандай башкаруу формасы болбосун, калк үчүн кызмат кылып, мыйзамдар так сакталса өнүгүү болот.

- Баш мыйзамды өзгөртүү, анын ичинде президенттик башкарууга кайтууга коңшу өлкөлөр кандай карайт?

- Биздин өлкөнү буга чейин «демократиянын аралы» деп сыпаттап келишкен. Бирок, бул сыпаттоо коңшу өлкөлөргө эч качан жаккан эмес. Анткени алап Кыргызстандагы эркиндик өз өлкөлөрүнө барышын каалабайт. Биздеги төңкөрүштөр Өзбекстан, Казакстан сыяктуу өлкө башчыларынын кыжырына тийүүдө.

Ошондуктан, алар азыркы конституциялык реформага түз көз карашта.

Буга кошумча, күчтүү президенти бар өлкөлөрдө чоң экономикалык кадамдар жасалып жатат. Буларга кайрадан эле Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрү мисал. Ал эми бизде демократия деген менен дээрлик инвесторлор жокко эсе.

Булак: "Азия News" гезити

Последние новости