www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рита Карасартова башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору кызматынан кетти. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-июлда Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Окуу жылы аяктагандан кийин, өз каалоом менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздым. Жашасын жарандык активдүүлүк! Өмүр сабагы үчүн өкмөткө ырахмат. Мен эмне кыла алганымды жана эмнени жасай албаганым жөнүндө отчетумду акырындап өз басылмаларыма жарыялайм” – деп жазган Рита Карасартова.

Эске сала кетсек, ал аталган кызматка 2019-жылдын декабрь айында дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости