www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев уулу Эркин Чолпонбаев элге кайрылып, атасынын абалы тууралуу билдирди.

“Урматтуу эл- журт! ФБдагы комментарийлерди окуп отуруп унчукпай коё албадым! Менин атам Космосбек Чолпонбаев ооруп уй шартында дарыланып жатканына карабай финполициянын суроолоруна жооп бериш үчүн барган, ГСБЭПтен чыккандан кийин шейшемби күнү түнкү саат 12:00дө чыдабай калганынан тез жардам чакырып, ооруканага жеткирдик. Республикалык кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүнө түшкөн. Дарыгерлер пневмония 2 тараптуу, 2-типтеги кант диабети, жүрөктүн коронардык оорусу деген диагноз коюшуп дарылап жатышат. Улуу баласы катары айтаарым: менин атам коркуп жашынып жатып алчу киши эмес! Кудай буюруп сакайып чыкса бардык суроолорго жооп берет. Андыктан атам тууралуу негатив маалымат таратпай, сабыр кылып турууңуздарды суранам! Бул пандемия менен күрөшүүнүн жол-жобосуна мамлекет даяр болбогондугун, ага убакыт жана тажрыйба керек болгондугун жакшы билесиздер. Бардык жоопкерчиликти бир кишиге уйуп салуу да туура эмес деп эсептейм. Ошол себептен атамдын саламаттыгы тууралуу так маалымат берип коюуну туура көрдүм. Эн башкысы оору-сыркоодон алыс болуп, жакын адамдарыбыз менен аман бололу. Менин атам эч качан мыйзамсыз иштерди жасаганга бармак эмес. Себеби биздин жер карашыбызды кааламак эмес!”,- деп өтүнүч менен элге кайрылды.

Белгилей кетсек, мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев ооруп калгандыгына байланыштуу сурактарга  убактылуу катыша албайт. Чиновниктин тегерегинде жүргөн адамдардын айтымында, Космосбек Чолпонбаев инфарктка кабылып, Бишкектеги клиникалардын бирине жаткырылган. Ооруканада дарыгерлер ага пневмония диагноз коюшкан.

Эске сала кетсек, буга чейин Финполиция тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги айрым кызмат ээлеринин кээ бир фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөп, коррупциялык иштерге баруу фактысы аныкталгандыктан Космосбек Чолпонбаев суракка чакыртылган. Ал эми бүгүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы да суракка чакырганы маалым болду.

Айрым ЖМКлардын айтымында, Космосбек Чолпонбаев медициналык багыттагы буюмдарды чет өлкөлөргө саткан деп шектелүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости