www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигинин алдындагы  Дары-дармектер менен камсыздоо департаменти керектүү дарылардын тизмесин түзүп, жакынкы айлар үчүн резервди толтуруусу зарыл. Тийиштүү тапшырманы Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Бүгүнкү күндө  шаардын дарыканаларында айрым дарылардын жетишсиздигине даттануулар түшүүдө. Дем алыш күндөрү Бишкекке дары-дармектер жеткирилет. Бир күндүн ичинде зарыл дарылардын тизмесин түзгүлө жана жакынкы айлар үчүн запасты толтуруу шарт. Мамлекеттин дары-дармек кору болушу керек. Кыргызстандын бардык аймактары тиешелүү дары каражаттары менен толук көлөмдө камсыздалууга тийиш. Саламаттык сактоо министрлиги зарыл дары-дармектерди сатып алуунун борборлоштурулган системасын уюштурушу зарыл», - деди Министрлер кабинетинин башчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости