www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орустун улуу жазуучусу Антон Чеховдун "Дама с собачкой"- деген аңгемеси бар.Анын мазмунун кайра башынан айтпай эле коелу, окугандар окугандыр. "Ит ээрчиткен айымдын" бул фотодогу образы менен Чеховдун убагындагы мүнөзүн таптакыр салыштырып болбойт.

Бул сүрөттө Бишкектин кайсы-бир коомдук жайында 4-5 күн мурда өткөрүлгөн мода жыйында сырты жалтырак ургаачыны бир дөбөт жандап келатат. Бүйүр кызыткан бул дуэтге: "Дөбөттү ээрчиген ургаачы"- деген ысым берсек төп келе турган. Дөбөттүн милдети түшүнүктүү- келаткан Жаңы жылдын белгиси катары катталган окшойт.

Бир гана нерсе түшүнүксүз-улуттук ак калпактын бул жерде кандай тиешеси бар?!

Жаңы жыл майрамы менен ак калпактын кандай байланышы бар. Жаңы жыл деген түшүнүктүн жыты да жок кезде ак калпак жашап келгенин бүт дүйнө билет.

Бүт дүйнө билет деп ойлогонбуз.Көрсө биле электер да бар экен. Башына байпактан бөлөк эч нерсе кийбегендер да бар экен. Башынан заара жыттанган "катыган" памперс кийгизип койсоң да ыраазы болгон бөксөбаштар да бар экен.

Эгер Чехов азыр болгондо бөксө баштар жөнүндө "Чума за волкодавом" же болбосо "Бөрү басаар жана бөксө мээлер"- деген аңгемесин жазмак окшойт.

Кимбайке

Булак: "Де-Факто"

Последние новости