www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илимпоз уктаар алдындагы жыныстык катнаш көйгөйлөрдү унутууга да жардам берерин кошумчалаган
Австрияда Квинсленд университетинин доктору Мишель Ластелл уйку алдында төшөк кумарына батса, адам жакшы уктайт деген жыйынтыкка келген. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги adelaidenow.com порталына таянып билдирди.
Анда илимпоз 18 жаштан 70 жашка чейинки курактагы 460 кишиден уйку алдында эмне кыларын жана андан кийин кандай уктаарын сурап көргөн. Жыйынтыгында изилдөөгө катышкандардын 64 пайызы уктаарда төшөк кумарына батканда уйкусу жакшы канарын айтышкан.
Ластеллдин айтымында, төшөк кумары окситоцин жана пролактин сыяктуу гормондор бар "биохимиялык коктейлдин" бөлүнүп чыгышын шарттап, стресске алып келчү кортизолду төмөндөтөт. Мындай абал адамды тынчтандырып, жеңилдетет.
Ошондой эле Мишель Ластелл уктаар алдындагы секс көйгөйлөрдү унутууга да жардам берерин кошумчалаган.
Булак: "sputnik.kg"