www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Австралиялык эки жаш бат ажырашуу боюнча рекорд коюшту. Алар нике күбөлүгүнө кол койгон соң, кайра ажырашууга арыз беришкен. Бул тууралуу novosey.com сайты жазып чыккан. Ажырашууга биринчи болуп келин арыз берген. Себеби ал той аяктала электе эле, күйөөсүнү көзүнө чөп салганын байкап, терс кадамдарына күбө болгон.
Той башталгандан кийин 27 жаштагы күйөө жолдош ортодо көрүнбөй калат. Аны издеп чыккан келиндин атасы, күйөө баласын ашканадагы кызматчысы менен чогуу көрөт. Алкогольдук ичимдикке шылкыя тоюп алган жигит, өз тоюнда башка айым менен жыныстык катнашка барган. Окуядан кийин тойдогу коноктордун баары үйлөрүнө кайтышып, ал эми келин ажырашуу үчүн сотко кайрылган.
Акырында үй-бүлө тургузуу үчүн жаңы эле кошулушкан жаш жубайлар, кайра эки бөлөк жолго түшүштү.
Булак: NazarNews.kg