www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековко!

Кыргыз Республикасынын премьер министри Мухаметкалый Абылгазиевке!

Коопсуздук кенешине!

Кыргыз республикасынын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовко!

Кызыл-Кыя шаарынын Молодежная көчөсүнүн 10-үй тургундарынан дом.ком. Ормонова Назира Мавлановнадан жана башка тургундарынан

КАЙРЫЛУУ

Биздин кайрылуубуздун себеби 2009-жылы биз жашап турган Молодежная көчөсүнүн 10-үйүнүн тургундарынын макулдугусуз Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан он жыл мөөнөткө Дадабаева Буалмага мамкаттоодо иштеп туруп кызмат абалынан пайдаланып,10- үйдүн күн чыгыш тараптан кызыл линия экенине карабастан жерди мэрия тарабынан мыйзамсыз берип салган он жыл мөөнөткө арендага. Бирок аукциондо беш жыл мөөнөткө каралган. Азыркы күндө биздин үйүбүздүн жашоочулары Дадабаева Буалма менен уруш талаш, күндө тополоң. Ал эми жер саткандар өз тирилиги менен иши да жок.

Биз 10-үйүбүздүн айланасын жашылдандырып, бак-дарак отургузуп көрктөндүргөн жетилип калган бак-дарактарыбызды экотехинспекциянын уруксаты жок тамыры менен жулуп, кыйып салышты. Кыргызстандын жараны катары өз жашап жаткан үйүбүздүн айланасы көрктөндүрүп бала чакабыз ойноочу жайларыбызды мыйзамсыз саткан мэрия кызматкерлери жооп бериштин ордуна жетекчилик иш аркалап кресло ээлеп отурушат. Ал эми прокуратура жана орган биздин жер талаш, мушташ, согуш, урушубузду көрүп тамаша кылгандан башкага жарабай ,чара көрбөй тим жатышат.

Биздин терезелерибизди жаап курулуш курса ооз ачып карап турбастан прокуратура дарактарыбызды кыйганда чара көрүштүн ордуна кимдин кандай крышасы каяктан эмне дейт дегениби, айтор сөз чыкпайт.

Урматтуу бийлик өкүлдөрү, Сиздерден суранабыз, мыйзам чегинде Кызыл-Кыя шаарындагы Молодежная көчөсүнүн 10-үйүбүздүн айланасын өз жашоочуларыбызга чечип, ансызда Кыргызстанда оруулар көп, бизге күндүн нуру тийбесе туберкулез ооруу болуп калуудан алдын алып күрөшүп келебиз ушу  күнгө чейин.

Кызыл-Кыя шаарынын көзөмөл органы болгон прокуратурага барсак силердин арызыңарды албайм деп карабай койду менин ишим эмес, эко.тех.инспекциянын иши деп. Биз кимге кайрылышыбыз керек. Саткын соттор акчалууларды карап эл менен эсептешпей туруп коррупционерлерге чечип берди. Биз жогорку соттун судьялары К.Осмоналиев, Н.Арапбаев, А.Мухамеджановтордун чечкен мыйзамсыз чечимине жашоочулар макул эмеспиз. Качанга чейин саткын соттор жазаланбайт.

Биз жашоочулар ө үйүбүздүн артын коргоп, күн тосуп калат деп чыксак курулушка каршы, бизди милиция кызматкерлери коркутуп камап салабыз, соттун чечими бар экен буларда деп ар кимибизди жекелеп коркутууда. Биз өз үйүбүздү коргой алабызбы, же балдарыбыз өпкө оруу болушуна карап отурабызбы, себеби биринчи кабаттагылар ансыз деле нымдулукта жашайбыз. Кызыл-Кыя шаарынын бардык атка минерлери бири-бирине сен мага тийбе мен сага тийбейм деген ишкер органдарга калганбыз. Биз Кызыл-Кыя шаарына ишенбейбиз. Коррупцияга малынган. Миң сом берсен баары ишинди бүтүрөт. Орган кызматкерлери акча кулуна айланышкан.

Ош облусундагы 12 кабаттуу үйдөгү өртөчүрүүчүлөр келгенче өз жанын кыйган жарандар Кыргызстанды кайгыртпай койбоду. Так ушундай эле биз да өз үйүбүздүн коопсуздугун коргоп үрөшүүнү милиция прокуратура коркутса да чегинген жокпуз. Себеби үйүбүздүн  артынан газ түтүктөрү өткөн, суу түтүктөрү өткөн, высокоВОЛЬТ бар.  Кантип биздин атка минер Кызыл-Кыя шаарынын коррупционер орган, администрация карап отурат. Ушунча ызы чуу болду, жергиликтуу бийлик оозуна талкан салып унчукпайт. Биздин үй өрттөнсө пожарный унаалар кире албай күйүп өлүп, же кургак учук болуп күн тийбей өлүшүбүз керекпи?

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Өзүңүз көзөмөлгө алып биз азап чегип жаткан өз жерибизге ээлик кыла албаганыбызга мыйзам чегинде чара көргөзүп, атайын комиссия түзүп, карапайым элдин өз үйүн коргоого, бала чакабыз эркин жүргөнгө, атка минерлердин туугандарынан коргоп, чара көрүп адилет элге чечип берүүңүздү суранабыз.

Кайрылуу ээси: Ормонова Назира 0777 50 72 49

Молодежная 10 –уй,48 –батири, көп кабаттуу 10- үйдүн жашоочулары

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости