www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абдирашит Азимов, "Өзбек аскери чек арадан кирип келип, заара ушатып, итин агытып мени сүйрөп кетейин деп жатканда рациясын жулуп алдым" деген SUPER.KG` порталына.
Окуя бүгүн, 29-апрелде түшкө жуук болгон. Анда Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагындагы чек ара тилкесинде жашаган Абдрашит Азимов короосундагы бактарын сугарып жүргөн. Ошол учурда Өзбек аскери ага тийише баштаган. "Мен атам тиккен бактарды сугарып жаткам. Бир убакта Өзбек аскери биздин аймакка өтүп алып "суу койбо" деп кыйкыра баштады. Мен анын себебин сурадым. Жооп бербестен мен тарапка карап заара ушатты. Мен абдан ачууландым. Өзүнүн тилинде көп сөздөрдү сүйлөдү, анын баарын түшүнгөн жокмун. Анан мага карап, овчарка породасындагы итин агытып жиберди. Анын итин таш менен уруп, эмне үчүн мындайга барганын сурасам, мени жакамдан кармап Өзбекстандын аймагына алып кирип кетүүгө аракет кылды. Ошол учурда колундагы рацияны жулуп алдым да, колунан чыгып, качып кеттим. Кийимдерим айрылды. Менде бул фактыларды тастыктаган, сүрөт-видеолор бар. Азыр аларды жарыялабай турам. Эки өлкөнүн жогорку чечүүчү адамдары келсе, аларга берем", - деди Азимов. Ал Өзбек аскерлери аймакта дайыма эле ушундай кысым көрсөтүп турганын айтып берди. "Мага алардын рациясынын кереги деле жок болчу. Мен бул кадам менен биздин аймактагы маселени эки өлкөнүн башында турган адамдар билсе дейм. Өзбек аскерлери үй-бүлө, балдарым менен короодо жүргөндө заара ушатып, шылдың кылгысы келет. Балдарыбыз мектепке баргандан коркуп калышкан. Өзбек аскерлерин көрсө коркуп качышат. Аларды мектепке коштоп барып келебиз. Кечээ эле айылда ушуга окшогон окуя болуп, чек ара кызматына кабар бергем. Тилекке каршы, бүгүн дагы кайталанды. Бул маселе чечилбесе бул жакта жашаган калк ашыкча азап тартууда", - деп кошумчалады ал. Белгилей кетсек, буга чейин окурман "Ала-Букада Өзбекстандын аскерлери Кыргыз жаранына ит агытып, аны өз аймагына алып кирип кетүүгө аракет кылды" деген билдирүүнү "Элдик кабар"бөлүмүнө жиберген. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG` порталы жазып чыкты.
Бүгүн, 30-апрелде NazarNews.kg маалымат агенттигине Көк-Таш айылдык аймагынын башчысы Рысбек Эргешов, “учурда Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагындагы чек ара тилкесинде кырдаал тынч, абал туруктуу, эки тараптуу жетекчилер өз ара сүйлөшүштү”, - деп билдирди.
Ал эми Көк-Таш айылдык аймагынын тургуну Абдирашид Азимов: 29-апрель күнү мен чек-ара тилкесине жакынкы багымды суугарып жатсам, өзбек чек арачысы келип, мага бакты суугарууга тыйуу салды. Мен бак биздин жер экенин айтсам, мени сөгүп кирди. Анан өзбек чек арачысы мени чек араны көздөй сүйрөгөнгө аракет кылды эле мен анын рациясын алып качып кеттим. Кечээ кечке маал биздин райондон милициялар, чек арачылар келип эки тараптуу сүйлөшүштү. Сүйлөшүүгө мен дагы катыштым. Өзбек чек арачысы, чек араны бузганын моюнга алды. Мен анын рацияны кайра кайтарып бердим. Азыр чек арада кырдаал жакшы, - деди жергиликтүү тургун.
Булак: NazarNews.kg