www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйылкы 9-май күнү Улуу Жеңиштин урматына Жалал-Абад шаарында “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурулат. Ага согушка барган жалал-абаддыктардын урпактары, коомчулуктун өкүлдөрү, шаардагы мекеме-ишканалардын жана окуу жайларынын жамааттары катышышмакчы. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.
Улуу Жеңиштин 73 жылдыгын татыктуу белгилөө тууралуу шаар мэриясынын атайын буйругу чыгып, майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча 29 кишиден турган уюштуруу комитети түзүлдү. Атайын иш-чаралар планы белгиленип, 25-апрелден 25-май чейин ардагерлерге карата боорукерлик айлыгы жарыяланды. Анын алкагында согуштун катышуучуларына, майыптарына жана курман болгондордун жесирлерине социалдык жактан колдоо көрсөтүү иш-чаралары жүрөт.
Ошондой эле шаардагы эс алуу бактарында, коомдук жайларда коюлган эстеликтерди калыбына келтирүү, сырткы турпатын жакшыртуу иштери жасалып, “Курманбек” борбордук стадионунда ири программадагы концерт коюлмакчы. Ошондой эле “Өлбөс полк” жөө жүрүшү, жаштар арасына веложүрүш да уюштурулат.
Билим берүү мекемелеринде, мектептерде кароо-сынактар, массалык иш-чаралар, ардагерлер менен жолугушуулар өткөрүлөт. Ал эми стадиондо, эс алуу бактарында, коомдук жайларда спорттук оюндар, шаар калкы үчүн ар кандай оюн-зооктор уюштурулат.
Булак: NazarNews.kg