www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда 3 сааттык бала бакчалар ачылат

Баткен облусунда кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачыларын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

22-июнга карата министрликке мындай бала бакчаларды ачуу үчүн облустан 29 өтүнмө келип түшкөн. Анын ичинде Баткен районунан беш, Кадамжайдан тогуз, Лейлектен жети, Сүлүктүдөн алты, Айдаркенден бир, Исфанадан бир арыз келген. Эми атайын комиссия документтердин шайкештигин текшерип, талапка жооп берген өтүнмөлөрдү долбоорго кошот. Андан соң уюштуруу иштери башталары айтылат.

«Кыска мөөнөттүү бакчаларды ачууда артыкчылык алыскы, тоолуу жана чек аралаш аймактарга берилет. Мындай бакчада балдар үч саат гана болуп, аларга өнүктүрүү, окутуу, тарбия берүү кызматтары көрсөтүлөт. Тамак берүү жана уктатуу каралган эмес. Мектепке чейинки билим берүүнүн бул форматы экономикалык жактан пайдалуу жана үнөмдүү», — деп жазылган билдирмеде.

Долбоордун алкагында санитардык-гигиеналык шарттар түзүлүп, окутуу жана өнүктүрүү куралдары камсыздалат. Жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталган имарат толугу менен оңдоодон өтүп, балдар аянтчасы да курулары кошумчаланды.

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында өлкө боюнча жалпы 500 кыска мөөнөттүү бала бакча ачууну пландап жатат. 2016-2018-жылдары министрлик өлкө боюнча кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачканы белгиленет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости