www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев Кыргызстан коррупция менен күрөштө репрессиялык баскычта экенин билдирди. Ал мындай оюн «Азаттык» радиосунун «Коррупцияга каршы күрөш: жапырт кармоолордун майнабы кандай?», - аттуу талкуусуна катышып жатып айтты.
«Кумтөрдү кайтарыш керек беле, керек болчу. Коррупция менен күрөшүш керек беле, күрөшүш керек болчу. Коррупция менен күрөшүү практикасында дүйнө өлкөлөрү эки баскычты басып өткөн. Биринчи репрессиялык баскыч - камоо, отургузуу, «кустуруу». Экинчи баскыч анан алдын алуу, институттарды өзгөртүү сыяктуу системалык жол. Кыргызстан биринчи баскычка жаңы кирип жатабыз. Буга таң калбашыбыз керек. Грузияда, Сингапурда, Кытайда дагы ушундай болгон. Коррупцияга өтө батып кеткен өлкөлөр репрессиялык баскычтан секирип өтө албайт», - деди Акматалиев.
Атайын кызмат «Кумтөр иши» боюнча бир топ азыркы жана мурдагы аткаминерлерге «Коррупция» беренеси менен айып коюп жатат. Кылмыш иши козголгон айрым саясатчылар саясий куугунтук жүрүп жатканын билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg