www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Филиппиндин президенти Родриго Дутерте COVID-19 илдетинин кайрадан күч алып жатканына байланыштуу ага каршы вакцина алгысы келбегендерди камакка алам деп эскертүү берди. Бул тууралуу эл аралык ЖМКларга шилтеме берип Sputnik радиосу кабарлады.

«Эгер өз ыктыярыңар менен вакцина алууну каалабасаңар, күчкө салуу менен эмдөө жүргүзүлөт. Силер зыянкечсиңер. Вакцина алууну каалабасаңар, Филиппинден чыгып, Индия же Америкага кеткиле! Мен Ички иштер министрлиги менен жергиликтүү башкаруу органдарына эмдөөдөн качкан кишилердин тизмесин түздүрөм», — деди өлкө башчы.

Ал «акылсыз адамдар гана вакцинадан баш тартат» деген пикирин кошумчалады.

«Коронавируска каршы эмделбейм дегендерге мен чочколорго сайылчу вакцинаны саям. Ал вирусту дагы, өзүңөрдү дагы өлтүрөт», — деди Дутерте.

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө COVID-19ду 179 миллиондон ашык адам жуктурду. Ал эми 2,6 миллиарддан ашык киши вируска каршы эмдөөдөн өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости