www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле Акрам Мадумаров Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, вице-премьер-министр болуп дайындалган. Азыркы учурда ал кызмат орун бош тургандыгына байланыштуу коомдук ишмер Кадыр кошалиев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына KG ГРУПП Курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовдун кандидатурасын сунуштап билдирүү жазып чыкты.  

"Коомчулуктун ой-сунуш, пикирлери соц тармактарда жандуу талкуу жаратып, коомдук пикир түзүп жатканы жакшы жөрөлгө. "Кайсыл жериң ооруса жаның ошол жерде"-дегендей Баткен баарыбыздын көйгөйүбүз. Андыктан Баткендин губернаторлугуна убагында Айбалаевге окшоп чапсаң иштеген, проблемаларды жеринен билген мекенчил инсан керек болуп турат. Ушул кызматка KG ГРУПП Курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов бап келип турат. Анткени ал жанды бакпай элди баккан адамдардан. Жакында эле чек арадагы талаштуу жерлерде болуп, элдин абалын сурап, моралдык-материалдык колдоо көрсөткөнү ичти жылытты. Атасын да билебиз, жакшы адам эле"-дейт коомдук ишмер Кадыр Кошалиев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости