www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров NazarNews.kg маалымат агенттигине көмүскө экономика тууралуу пикирин билдирди.   

--Саламатсызбы Төрөбай мырза, Өкмөт неге көмүскө экономиканы жеңе албай келет? Көмүскө экономиканы көмүскө бизнестер жогорулатып жатабы?

--Өкмөт гана көмүскө экономика менен күрөшө албайт. Бул маселеге Жогорку Кеңеш жана коом дагы бирге кол кабыш кылуусу абзел. Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу менен жардам бериш керек. Жакында эле Өкмөт тарабынан тигүүчүлүк тармагындагы соцфондго болгон төлөмдөрдү 28% дан 12% түшүрүү боюнча мыйзам сунушталган. Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш үч окуудан кабыл алып берсе, президентибиз Сооронбай Шарипович да колдоп өзүнүн жарлыгын чыгарды. Тигүүчүлүк тармагын көмүскөдөн чыгарууга шарт түздүк. Ушул сыяктуу мыйзамдарды анализ кылып, жалпы жардам беришибиз керек.

--Келээрки шайлоодо кайсыл партия же кайсыл саясатчыларга ийгилик жаралышы мүмкүн? Саясатчы, Өмүрбек Текебаев “шайлоодо "Республика" менен “КСДПнын” электроты бизге оойт" деди. Ошондой болушу мүмкүнбү?

--Ооба толугу менен мүмкүн. Партиялардын мүчөлөрүнүн идеянын тегерегинде чогулганын байкай албай жатабыз. Парламенттик шайлоо партиялардын тизмесинин ичиндеги күчтүү талапкерлерине карап добуш берүү болот го деп ойлоп жатам. Бир идеянын тегерегинде чогулган күч гана, күчтүү партия болуп көпкө жашай алат.

--"Биримдик" партиясы ичинен Төрөбай Зулпукаровго нааразы деген маалыматтар жазылып, партиянын ичинде “интрига” күч алды дешүүдө...

--Марат Аскеровичтен сурашым керек экен, “тиешеси жок кишиге эмнеге нараазысыңар” деп. Негизинен, “Биримдик'' партиясы күчтүү күч болду окшойт. Көп саясатчылардын түн уйкусун бузууда. Акыркы күндөрү мага да кызык болуп жатат. Депутаттык орун Президент же Өкмөт тарабынан дайындала турган кызмат эмес. Шайлоо жолу менен келе турган, өкүлчүлүк милдетин аткаруучу саясий орун. Мен жакында өз командам менен келечекти аныктап алуу үчүн жолугушуу өткөрөм. Андан кийин баары анык болот.

--Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости