www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов Баткен облусунун аймагында COVID-19 эпидемиялогиялык кырдаал күч алып бараткандыгына байланыштуу имамдарды мечитерди, медреселерди жумасына 2 жолу дезинфекциялоо иштерин такай жүргүзүү жана мечитке келгендердин санитардык талаптарды так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, берилген тапшырмага ылайык, облус аймагындагы имамдар аткарган иштери боюнча жума сайын облустук казыятка маалымат берип турушмакчы.

Эскерте кетсек, Республикалык штабдын берген маалыматына ылайык, Баткен облусунда COVID-19 илдети менен катталган жаңы учурлар көп катталууда. Бүгүн, 1-октябрга карата аталган облуста 77 бейтап вирус жуктуруп алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости