www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда жети ресторан электр жарыгынан ажыратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, кечээ, 30-сентябрда Жалал-Абад шаарында массалык иш-чараларга каршы рейд жүргөн. Рейддин жүрүшүндө 300 киши катышкан той болуп жатканы белгилүү болгон.

Аталган мекемелер электр жарыгынан ажыратылган. Мекемелердин биринде мыйзам бузуу биринчи жолу катталбагандыктан, ага карата кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда эпидемиялык абал кооптуу бойдон калууда. Акыркы жумаларда Жалал-Абад, ошондой эле Ош жана Баткен облустары коронавирустук инфекциялардын статистикасы боюнча алдыңкы орундарды ээлешти. Бүгүн эле Жалал-Абадда коронавирустун 23 жаңы учуру катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости