www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинцясында жанкечти уюштурган жардыруудан кеминде тогуз адам каза болду.
Гилменд Провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Өмер Звак кабарлагандай, 30-сентябрда Нахри Сарах районунда болгон теракттан каза болгондордун арасында төрт жайкын тургун бар. Анын экөө аялдар. Мындан сырткары бир нече адам жарадар болду.
Белгилей кетсек, бул жарадыруу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок теракт болгон Гилменд аймагынын көпчүлүк бөлүгү «Талибан» кыймылынын көзөмөлүндө турат.
Бул жардыруу ооган өкмөтүнүн жана «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү ондогон жылдар бою уланып келе жаткан согушка чекит коюу боюнча Катардын борбору Дохада жолугуп жаткан учурга туш келди.
Эске сала кетсек, 12-сентябрда башталган сүйлөшүүлөргө карабай «Талибан» ок атууну токтотуудан баш тарткан болчу.
БУУнун Ооганстандагы миссиясы 2020-жылдын биринчи жарымында эле 1280 жайкын тургун ар кыл жардыруудан, кол салуудан каза болгонун кабарлаган.
Булак: NazarNews.kg