www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айыл аймагында чыккан келишпестик эки тараптын жаңжалы менен аяктаганы боюнча маалымат туура эмес. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-апрелде Баткен районунун Тажикстан менен чектеш, Ак-Сай айыл аймагында Ак-Суу дарыясында жайгашкан, башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында, Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери тарабынан оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жаткан учурда Тажикстан Республикасынын чек арачылары, оңдоп-түзөө жумуштарын биргеликте жасообуз керек деп, жумушту токтотуу талабы менен чыкканы боюнча маалымат тараган.

Бирок окуя эки тараптын жаңжалы менен аяктаганы боюнча маалымат туура эмес,15ге жакын тажик тараптан жарандар топтолуп, эки тарап таш атты деген маалымат чындыкка дал келбейт. Буга окуя болгон жерден тартылган атайын видео материалдар далил боло алат.

Окуя болгон жерге тийиштүү жетекчилер барып, сүйлөшүүлөр жүргөн. Жарандардын массалык чатагы болгон эмес.

Белгилей кетсек, башкы суу бөлүштүрүүчү жайда Көк-Таш аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери коопсуздукту сактоо максатында иш алып барышат. Ошондой эле, Баткен облусунун 707 ички аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Эске салсак, Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айыл аймагында, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында пикир-келишпестиктер орун алганы жана Баткен жана Согди облусунун башчылары сүйлөшкөнү кабарланган. 

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости