www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдүн тоолорунан белгисиз жаныбардын азуулуу баш сөөгү табылды

Чүй облусунун тоолорунда туристтер ири жырткычтын сөгүн таап алышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, туристтер тоого чыгып баратышып, тыныгууга токтошкондо азуулуу чоң баш сөөгүн көрүшкөн.

Туристтердин бири Николай Маркушин төмөнкүлөрдү айтты.

«Белгисиз жырткычтын баш сөөгү жана омурткасынын бир бөлүгү соолуп калган чөптүн арасында жатыптыр. Азуулуу баш сөөк абдан коркунучтуу көрүндү. Туристтердин бири аны чупакабрага окшоштурду. Чупакабра жаныбарларды өлтүрүп, канын соруп ала турган жандык катары белгилүү», - деди ал.

Ал эми Чүй облусундагы мергенчилик коомчулугунун адистери төмөнкүдөй божомолго келишти.

«Баш сөөк ири карышкырга тиешелүү деп ойлойбуз. Ошол эле учурда иттин да баш сөөгүнө окшошуп кетет. Терисиз жаныбардын түрүн аныктоо кыйын. Чабандардын мал-жандыгын кайтарган чоң иттин баш сөөгү деп ойлоп жатканбыз. Бирок бир да чабан мал кайтарган жерине жаныбардын өлүгүн таштабайт. Ошондуктан азуулуу баш сөөк карышкырга же ит менен карышкырдын тукумуна тиешелүү. Бүгүнкү күндө карышкырды багып, аны ит менен аргындаштырган жеригиликтүү тургундар бар. Алар чоң көлөмдүү иттер менен карышкырларды көп жылдан бери аргандаштырып келишет. Баш сөөктү өлчөп, аны карышкырдыкы менен салыштыруу иликтөөлөрүнөн кийин гана так жообун айта алабыз», - деп билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости