www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 10-июнь күнү болжол менен саат 09:25 чамасында Кадамжай РИИБнин Р.Нийматов атындагы  АМБнин ага милициянын ыйгарым укуктуу өкүлү милициянын капитаны К.Коңуров, Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын тургуну 1970-жылы туулган А.Ахунов Айдаркен аймактык ооруканасында каза болгондугун маалымдаган. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

"Аталган маалымат Кадамжай РИИБнин МЭЖне 2020-жылдын 10-июнь күнү катталып, каза болгон А.Анын жансыз денесине Кадамжай районунун Бирлик а/а Чечме ЩБМТ мед.айымынын катышуусунда сырткы кароо жүргүзүлгөн. Сырткы кароо учурунда каза болгон А. Ахуновдун денесинде эч кандай жаракаттар жок экендиги такталган. 

Айдаркен жалпы дарыгерлик борборунун дарыгери А.Бегматовдун тактамасына ылайык, А.Ахунов ооруканага 2020-жылдын 31-майында  “Баш мээдеги кан айлануунун курч бузулушу, геммаррагиялык инсульт”- деген диагноз менен жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы, 2020-жылдын 9-июнунда саат 22:10 чамасында өз ажалы менен каза болгону аныкталган.

2020-жылдын 10-июнунда аталган жагдай, Кадамжай РИИБнин КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тергөө мезгилинде, А.А. 2020-жылдын 31-май күнү саат 22:30 чамасында жандандыруу бөлүмүнө, эс үчүн жоготкон абалда жаткырылып, денесине сырткы кароо жүргүзгөн мезгилде эч кандай көгөргөн, сыйрылган, же сөөктөрүнүн сынган жарааттары жок экендиги аныкталган. Медициналык изилдөө жана диагноз коюу мезгилинде, жаран А.Ахунов ал өзүнүн автоунаасын айдап келип, жаман сезгендиктен, башы катуу ооруп жаткандыгын билдирип, тез жардам бөлүмүнө кайрылгандыгы маалым болгон.

Ошондуктан ага баш мээнин кан айлануусунун курч бузулушу, геммаррагиялык инсульт деген диагноз коюп дарылоого алынгандыгы такталган.

Азыркы мезгилде тиешелүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости