www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык Cost of Living Survey консалтинг компаниясынын иликтөөсүнө ылайык, Ашхабад чет өлкөлүктөрдүн жашоосу үчүн Гонконгдон кийинки эле экинчи кымбат шаар экени аныкталды. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Бишкек туристтер үчүн эң арзан беш шаардын катарына кирди. Бешилтикте Ташкент (Өзбекстан), Карачи (Пакистан), Виндхук (Намибия) жана Тунис (Тунис) да бар.

Ошол эле маалда чет өлкөлүктөр үчүн Ашхабадда жашоо Токио, Цюрих, Сингапур жана Нью-Йоркко караганда кымбат.

Дүйнөдөгү ири шаарларда иштеген адистердин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо валюта курсу, негизги керектелүүчү товарлардын жана кызматтардын баасы, инфляция деңгээли жана ижара акысы сыяктуу факторлор эске алынган.

Бул сурамжылоонун жыйынтыгын мамлекеттик жана жеке уюмдар кызматкерлерин чет өлкөгө иш сапарга жөнөтөрдө айылык акыларын жана жеңилдиктерин аныктоо үчүн колдонот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости