www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бюджеттик жоготуулардын орду толдубу?

Эки айдан ашыкка созулган өзгөчө, андан кийинки чукул абалдардан, карантиндик чектөөлөрдөн улам Кыргызстандын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 20-25 пайызы түшпөй калуусу болжолдонуп, президенттин жетекчилигинде сырттан кредиттерди, гранттарды жана жардамдарды тартуу аркылуу алардын ордун толтуруу милдети коюлса, ал ашыгы менен аткарылат окшоп калды. Алсак, учурга карата эл аралык финансылык донорлордон бардыгы болуп жалпы суммасы 462 миллион долларлык каражаттарды тартуу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб учурга карата Эл аралык валгюта фондунан эки транш менен 242 млн. доллар каражат келип түшкөндүгүн маалымдады. Азия өнүктүрүү банкы үч транш менен 120 млн. долларлык жардам көрсөтүүгө убада кылган. Анын 50 млн. долларлык алгачкы грант траншы ушул айдын биринчи жарымында түшсө, дагы 50 млн. долларлык кредиттин экинчисинин убактысы аныктала элек. Бул эки транш бюджетти колдоого жумшалат. Ал эми жарымы - грант, жарымы - кредит түрүндөгү үчүнчү транш коронавируска каршы күрөшүү боюнча дары-дармектерди, атайын кийимдерди, жабдууларды сатып алууга сарпталат.

Дүйнөлүк банк "Коронавирус боюнча чукул долбоор", "Кыргызстанда табийгый кырсыктарга карата туруктуулукту арттыруу" деген эки долбоорду каржылоого 21 миллион 150 миң доллар бөлгөнү жатат. Булардын жарымы-грант, жарымы-кредит. Аларга саламаттыкты сактоо тармагы үчүн жабдуулар да сатылып алынмакчы.

Ислам өнүктүрүү банкы медициналык препараттарды сатып алууга 15 миллион долларлык кредит бөлөт. Еврошериктештиктин банкы билим берүү программаларын каржылоого - 15 миллион 300 миң евро, социалдык колдоо тармагына - 9 миллион 500 миң евро, санариптештирүүгө - 6 миллион евро болгөнү жатат.

Германиялык өнүктүрүү банкы азык-түлүк коопсуздутун камсыз кылуу жана фермерлерди, дыйкандарды колдоо үчүн 30 млн. 360 миң евро бөлмөкчү. Эми биздин каржы кызматкерлерибиздин алдында ал каражаттарды төкпөй-чачпай максаттуу пайдалануу милдети турат.

Булак: Майдан.kg

Последние новости