www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жолдубаевага баргыла, ал баарынан кабардар» Бекеновдун айтымында, 2012-жылдын сентябрь айынын бир күнүндө Атаханов Атамбаевден ачуулуу абалда келип, «мамлекеттик программа» - Батукаевди бошотуу боюнча эч кандай иш кылынбай жатканын айтат.

Бекенов Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматов менен кандай болбосун байланышып сүйлөшүшү керек болчу (Эрматовдун «атайын операциядагы» ролу чоң болмок, анткени, Батукаев Нарын шаарындагы №4 СИЗОдо жаза мөөнөтүн өтөп жаткан). Ал Жапар Эрматовго «чыга албай» жатканын айтканда, Атаханов «Жолдубаевага барып жолук, ал баарынан кабардар» деп айтат. Индира Жолдубаева ал кезде президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүн жетектеп турган.

Башкача айтканда, өлкөдөгү бардык сотторду тизгиндеп, көзөмөлдөө Индира айымдын колунда эле. Ал Бекеновго сот Эрматовго өзү жолун таап жолугушуусун айтып, ага жолуккан маалда телефонду ага берип сүйлөштүрүп коюусун айтат. Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматов менен жолугуу үчүн Бекеновго Нарынга барууга туура келет…

Эрматов күткөндөй эле кыйылып, Бекеновдун айткандарын жоопсуз калтырат. Ошондо Бекенов анын иш телефонунан Бишкекке чалып: "Индира Ырысбаевна, мен Нарындамын, сот Эрматовдун иш бөлмөсүндө отурам, аны менен сүйлөшүп койсоңуз" деп телефонду Эрматовго берет. Индира Жолдубаева телефон аркылуу Эрматовго атайын операция ишке ашырылып жатканын тастыктаганын Эрматов тергөөнүн жүрүшүндө айтат. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жолдубаева өзүнүн уюлдук телефонунун номерин Бекеновдон алып, бул иш боюнча маселе жаралса, түз чала берсе болорун билдирген. Андан 2-3 күндөн кийин Эрматов Жолдубаеванын өзүнө чалып, эмне болуп атканы боюнча түшүндүрмө берүүсүн суранат.

Жолдубаева: «Бишкекке келиңиз» деп, жолугушчу күндү белгилеп, Президенттин аппаратына кирүүгө жолдомого буюртма берип коерун билдирет.

Эрматов тергөөгө берген көрсөтмөсүндө: «Жолдубаева өзүнүн иш бөлмөсүндө Батукаевдин оорусун тастыктоо үчүн медициналык кароолор жүргүзүлүп жатат. Эгерде анын оорусу далилденсе, сиз аны тезирээк бошотуу үчүн чечим чыгардырып берүүгө көмөктөшүңүз» - деди.

- Мен Жогорку Сот менен макулдашпай туруп өзүм андай чечим чыгара албайм деп айттым. Ал бул маселени менин жетекчилигим менен өзү макулдашып коерун, мен эч жакка кайрылбашым керектигин, операция жашыруун экенин, аны тар чөйрө гана билерин айтты. Анан ал эгерде мен Батукаевди бошотуу чечимин чыгарсам, бул менин карьерама оң таасир этерин эскертти. «Биз аны эч качан унутпайбыз!» деген.

(Уландысы бар)

Булак: Майдан.kg

Последние новости