www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен окуясына 20 жыл!

Өздөрүн “Өзбекстан ислам кыймылы” аташкан диний экстремисттердин тобу, же моджахеддер 1999-жылы август айынын башында эгемендүү Кыргыз Республикасына бастырып киришип, Баткен районунда өздөрүнүн лагерлерин курган жана аларды чыңдоого аракет кылышкан. Мындай террордук топтор Кыргызстандын аймагын өздөрүнүн базасына айландыруу, тажрыйбасы жок жергиликтүү жаштардын башын айлантып өздөрүнө тартуу, алардан келечектеги баскынчыларды даярдоо максатын көздөшкөн.

Алар Кыргызстандын генерал-майору Анарбек Шамкеев баш болгон бир нече милиция, райондук администрация кызматкерлерин, япондук төрт геологду жана карапайым адамдарды барымтага алышкан. Бир катар кыштактарды басып алууга үлгүрүшкөн. Кыргызстандык жоокерлер, ыктыярдуу аскердик топтор бандиттердин бирикмелерин талкалоодо күжүрмөндүктү көрсөтүшүп, айрымдары бул кармашта Ата Мекен үчүн курман болушкан. Кыргызстандын түштүгүндөгү куралдуу кагылышуулар Кыргызстандын жалпы элинин биримдигинин, душманга каршы сокку уруу жөндөмдүүлүгүн сыноодон өткөргөн.

Республиканын түштүгүндөгү баскынчылардан жапа чеккен элге, аскерлерге жардам берүүгө Кыргызстандын эли колунан келген жардамдарын көрсөтүшкөн. Бул окуя республиканын коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу ишинде чоң сабак болгон. Мында өлкөнүн куралдуу күчтөрүндөгү кемчиликтер, аскердик техниканын, курал-жарактын жетишсиздиги жана башкалар айкын көрүндү.

Бүгүн, 26-октябрда Баткен окуясына 20 жыл болот. Себеби, дал ушул күнү эң акыркы барымтадагылар бошотулган. Бул датага байланыштуу жыл сайын эскерүү иш-чаралары өтүп турат.

Биз бул датаны утурлай, ал кездеги президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комитетинин жетекчиси, экс-акыйкатчы, депутат Турсунбай Бакир уулу менен моджахеддерден туткундарды кантип бошотуп алгандыгы, Акаев ага канча акча берип узатканы, анын Дубайдан Ооганстанга кандайча эч бир билетсиз учуп кирип кеткендиги, кайра Ооганстандан кантип качып чыкканы, сүйлөшүү бүткөн соң кыргыз бийлиги Бакир уулун Ооганстанда өлүмгө таштап койгону, барымтадагыларды бошотууда кимдер жардам кылып, кимдер каршылык көрсөткөндөрү, буга чейин айтылбай келген алгачкы барымтадагыларды бошотууда кантип өкмөт 150 миң долларга алданып калганы, япондордун 3 миллион долларын кимдер “сугунуп” койгону, айтор, ушул жана башка жагдайлар туурасында кызыктуу маек курдук.

Буга чейин жарыяланбаган фото-видеолор да кошо берилет. Айтмакчы, бул маекте Акаев, Жанузаков, Ашыркуловдон башка да көптөгөн ысымдар аталат. Чолпон Баекова, Баяман Эркинбаев, Үсөн Кудайбердиев, Анарбек Шамкеев, Турсунбек Акун, азыркы жаңжал чыгып жаткан кыргыз-тажик чек арасынын тажик тарабындагы линияны көзөмөлдөгөн генерал Шох Искендеров, ж.б. тууралуу сөздөр да кетет. Андыктан биздин сайтты акмалап туруңуздар. Пикириңиздер болсо күтөбүз.

“Моджахеддердин Кыргызстанга кирээрин Акаевге алдын ала видеодалил менен эскертилген”

- Турсунбай мырза, мына, Баткен окуясына 20 жылдын жүзү болуп олтурат. Ал окуяда бир нече азаматтарыбыз курман болду, бир нечелери ар кандай  жаракаттарды алышты. Андагы эң бир орчундуу жагдайлардын бири – барымтадагылар, аларды тирүү алып чыгуу маселеси болгонун унута элекпиз. Сиз барымтадагыларды бошотууда башкы ролду ойногон инсан катары ошол окуялар тууралуу азыр эмнелерди айта алат элеңиз?

- Ошол убактагы президент, азыр Москвада качкында жүргөн Аскар Акаевдин кечээ жакында ММКларга Баткен окуясы боюнча берген маегин уктум. Акаев мына ошол маегинде Баткен окуясын эскерип жатып “ошол чечиши керек эле, ал чече албагындыктан  моджахеддер кокустан кирип келди” деп андагы Коргоо министри Мырзакан Субановду күнөөлөп жатат. Мен бул жерден Акаевдин калпын айткым келет. Муну буга чейин эч жерде айтпадым эле...

1999-жылдын 12-мартында мен Аскар Акаевге бир видеокассета алып келип бергем чет жактан. Ал кассетаны Ливияда Муаммар Каддафи менен жолуккан соң Стамбулга учуп мейманкага жайгашаарыбыз менен эки өзбек бала кирип, биз менен таанышып сүйлөшкөн соң мага эки видеокассета беришти. Ал балдар азыр Ташкентте түрмөдө олтурушат. Ошолор айтып калышты, “Сиз Кыргызстандын президентинин алдындагы адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы экенсиз, демек, президентке кире аласыз. Ошондуктан бул кассетаны берип коюңуз, Ислам Каримов элди кандай кыйнап жатканын, зөөкүрдүгүн көрсүн да, Каримовду колдобосун” деп. Мен ал видеокассетаны алып Кыргызстанга келдим.

19-мартта президент кабыл алам деген. Кой, булар кандай кассета берди экен, балким жаман нерселер бардыр деп түнү атайы көрүп чыктым. Карасам, видеонун бир жеринде тоодо моджахеддер машыгуу өткөрүп жаткан жери бар экен. Анда бири андан ары да бийик тарапты көрсөтүп “Иншалла, кар эрисе бул тоону ашып Кыргызстанга бастырып өтүп, андан ары Өзбекстанга киребиз” деп жатат. Ага чейин Тахир Юлдашевдин аракеттери, Жума Наманганинин Наманганда Каримовдун колунан микрофонду жулуп алып сүйлөтпөй койгон жерлери бар экен.

Эртеси, 19-мартта Акаев мени кабыл алды. Мен кассетаны берип жатып “Урматтуу президент мырза, бул кассетада Каримовдун ким экендиги тууралуу сюжеттер бар экен, ушуну көрүп, бир жыйынтыкка келип, Ислам Каримовду колдобосун деп мага аманат катары беришти. Эң башкысы, мен бул кассетадан бир коркунучтуу нерсени көрүп калдым. Мында моджахеддер кар эрисе Кыргызстанга бастырып келебиз” деп жатышат дедим. Эми болсо Акаев аларды кокустан кирип келди деп айтып жатат. Болбосо мен мындай маалыматты алдын ала бергем.

Кийин Баткендеги айыл өкмөттөр айтып жатышпайбы, кар эриди, тигилер кирип келишти деп. Бул август айында болчу, а мен Акаевге март айында, болгондо да тиги кассетадагыны айтып, аны колуна берип жатып эскерткен элем. Моджахеддер киргенде эле Баткен районунун акимин жана УКМКнын эки кызматкерин барымтага алышкан. Алар үчүн 50 миң доллар сурашкан. Эми ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Болот Жанузаков кошо айтып жатат, “эч кандай сүйлөшүүлөр болгон эмес, акча берилбеген” деп. Мунун баары калп! Муну “Акчаны берип жатканда моджахеддер “ичинен бир жасалма доллар чыкса башыңар алынат дешти. Биз коркуп, жасалмасы чыкпаса экен деп кудайлап олтурдук” деп Зардалы айылынын башчысы Тагаев мырза да айтып, бекемдеп жатат.

Эми бул жерде дагы бир кызык бар. Өкмөттө акча чогултуп жатышканда ортодогу шылуундар “50 эмес, 200 миң доллар сурап жатышат” деп ошончо сумманы өкмөттөн алышкан. Алар моджахеддерге 50 миңин гана берип, калганын 150 миңин өздөрү алып коюшкан.

- Алар кимдер экенин айта аласызбы азыр?

- Кимдер экенин билбейм, муну мен деле кийин уктум. Өкмөттүн кайсы бир жабык жыйынына катышып калган бирөө айтып калды мага, “премьер-министр Амангелди Муралиев кимиңер моджахеддерге 50 миң берип, 150 миңин сол чөнтөккө салып койдуңар?” деп сурады дейт. Бирок, ал сөз ошол жерде калып эч кандай териштирүү жүрбөптүр. Кийин буга Муралиев да “өзүбүздүн ичибизден эле кимдир бирөөлөр бизди алдап коюптур”  деп абдан капа болуптур.

Бул бир. Экинчиси, учурда Аскар Акаев, Болот Жанузаковдор “биз анда моджахеддер менен эч кандай сүйлөшүүлөргө барбай, акча да берген эмеспиз” деп айтып жатышат. Эми буларды да түшүнсө болот, себеби БУУ тарабынан кабыл алынган резолюцияга же дагы кандайдыр бир башка эл аралык келишимдерге ылайык, бийликтегилердин ар кандай террордук топтор менен сүйлөшүүсүнө тыюу салынган. А бизде, Кыргызстандын президенти баш болуп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө барышкан. Мага чейин эки адамды ортого салышкан экен, тигилер экөө менен тең сүйлөшпөй коюшкан. Андан соң гана мени 15-сентябрда “Кабар” маалымат агенттиги аркылуу телефондон сүйлөштүрүшкөн. Анда алар “эртең сүйлөшөлү, ага чейин сиз тууралуу тактайлы” деп 16-сентябрда “сизге ишенсе болот экен” деп, ошол 16сынан 20-сентябрга чейин Ооганстандагы моджахеддер менен телефондон сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Андан соң алар бул жакка келесиз дегенден кийин Акаевдин тапшырмасы менен мен 26-сентябрда учуп бардым. Бир тажик жардамчым экөөбүзгө жол кире, тамак-аш жана башка майда-чүйдө чыгашаларга деп мамлекеттен акча бөлүп беришти. Тиги тажик жардамчыма Акаевдин буйругу менен Кыргызстандын паспорту жасалып берди.

- Акча бөлдүрүп берди деп жатпайсызбы, сыр болбосо канча? Балким моджахеддерге деп да ошондо акча бергендир?..

- Жок, бизге өзүбүзгө ылайык гана керектелүүчү чыгашаларды эсептеп, 11 миң доллар беришкен. Биз ал жакта 20 күнчө жүрдүк. А жанагы сиз айтып жаткан акча тууралуу сөздөр кийин пайда болду.  Бизди Дубайда башкы консул Акылбек Муратбеков өзү тосуп алып, мейманкага жайгаштырды.

- А эмне үчүн Дубайга учтуңуздар?

- Анткени талибандардын эки эле өлкөдө – бири Сауд Арабияда, бири Араб Эмираттарында эле элчилиги болгон.

“Эшек ылайдан өткөн соң" мен кыргыз бийлигине керек эмес экенимди түшүндүм”

- Сүйлөшүүлөр ошол Дубайда өттүбү? Же...

- Ооба, башталышы ошол жерден башталды десем болот. Ал жерде мейманкага жайгашкан соң андагы талиб өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө аракеттерди жасай баштадык, алар “бизде өзбек мүчөлөр жок” деп такыр мойнуна албай туруп алышты. Акыры жүргүлө деп элчилигине бардык. Алар менен бирге намаз окуп бүткөн соң таң кала мени карап, “эмне, кыргыздар намаз окуйбу?” деп сурашканынан, “ооба, баары намаз окушат” деп калп айтканга туура келди. Жүрөктөрү жибип кетти окшойт, “эртең саат 10го келгиле, эч кандай билет, виза, тиги-мунун кереги жок, Ооганстанга жашыруун киресиздер” деп узатып коюшту.

Эртеси, 24-сентябрда алар айткандай эле билет, визасы жок эле Ооганстанга учуп бардык. Бирок, биз жайгашкан “Интерконтиненталь” мейманканасына эртеси биз менен сүйлөшөбүз деген өзбек моджахеддерин киргизбей коюшту. Андан соң мен талибандардын тышкы иштер министрлигине байланышка чыгып, жолугушуп сүйлөштүк. Дипломатиялык ыкмага салып “кечирип коесуздар, силерге эч кандай дооматыбыз жок, бирок силердин аймагыңарда жашаган өзбек террорчулары Кыргызстанга бастырып кирип алышты. Эми ошолордун өкүлдөрү менен сүйлөшөйүн десем жолуктурбай жатат” деп эки саат сүйлөшкөн соң гана акыры ынады.

Андан кийин коопсуздук министрине жолуктук, ал “силер биздин мейманыбызсыңар, коопсуздугуңарга алар эмес, биз жооп беребиз” дешти. Алар өздөрү да өзбек ислам кыймылын (ИДУ) жаман көрүшөт экен. Мен “кечирип коесуздар, биз алар менен кандай болбосун сүйлөшүүбүз керек, бизде согуш болуп жатат, биздин жана япон жарандары, генерал алар тарабынан барымтага алынган” десем, анда өзүңүз билиңиз деди.

Биз жашап жаткан тиги мейманкадан чыгып кетип, баягы бизге бөлүнгөн акчанын бир бөлүгүгүнө Кабулдан эки кабат үй ижарага алдык. Андан кийин гана ошол жерде сүйлөшүүлөрдү баштадык, ичинде бизди ислам өзбек кыймылынын аскерлери, сыртынан талибандардын аскерлери кайтарып турушту. Мына, дал ошол жерде 10 күн эч жакка чыкпай, мындайча айтканда үй камагы шартында сүйлөшүүлөр жүрдү. Акыры сүйлөшүүлөр бүткөн соң Тахир Юлдашев спутник телефон менен “Жумабай Намангани, Кыргызстандан чыгып кете бергиле. Турсунбай Бакир уулу келди, сүйлөшүүлөр бүттү. Силерге Бакир уулу өзү барат, ал эки конверт берет” деп чалды. Көрсө, Наманганини атайын жөнөтүшкөн тура, биз жакка. Ушундан кийин “өх!, акыры бүттү” деп эми керебетке эс алайын деп жатсам, чыгып кеткен Тахир Юлдашев кайра кирип келип менин колу-бутумдан байлаттырып коюшту, мууздайбыз деп. “Эмне болуп кетти?” десем, “Сиз атайы бизди алаксытып, башыбызды айландырганы келиптирсиз, тиги жакта болсо биздин балдарды бомбалап жатышыптыр” деп жооп берди. Ошондо Кыргызстандын аймагынан чыгып бара жатышкан моджахеддерге Өзбекстандын самолеттору бомба таштап жаткан экен.

Жан ширин экен, ушинтип өлүп кете беремби деп акыры тигилерден суранып олтуруп спутник телефонун алдым да, Аскар Акаевге чалдым, андагы жардамчысы болсо президенттин үйгө кетип калганын айтып, үй телефону менен байланыштырганга акыбыз жок дейт. “Бул жакта өлүм маселеси турат” десем да болбоду. Андан соң ал кездеги УКМКнын төрагасы Мисир Ашыркуловго чыктым. Ага жагдайды түшүндүрсөм, ал киши “биз Өзбекстандын самолетторун токтото албайбыз, ал жерден эптеп качып чыгыңыз” дейт. “Жиндисизби?!” деген сөз оозумдан чыгып кетти, “ичинен моджахеддер, сыртынан талибандар кайтарса, кыйын болуп качып чыккан күндө да 25 чакырым нары согуш болуп жатса, каякка качам?” десем “билбейм, эптеп качып чыгып кетиңиз” деп койду. Аа, "эшек ылайдан өткөн соң" эч кимге керек эмес экенмин дедим да, оюма дароо башка ой түштү. Ошол жерден эле Япония элчилигинин, айрым мен билген журналисттерин телефондорунун сураштырып, аларга чыгып айттым: “Мен го өлсөм Кыргызстан үчүн өлөм, а силердин барымтадагы жарандарыңар эмне үчүн, ким үчүн өлөт?” деп маселени кабыргасынан койдум. “Эмне кылышыбыз керек?” дейт. Айттым: “Силер Өзбекстан бомбалаганды токтотсун деген мааниде ызы-чуу кылгыла, алар силерди угат” деп. Ошондо гана япондордун кийлигишүүсү менен бомбалоо токтоду. Болбосо Өзбекстандын самолеттору Тажикстан менен Кыргызстандын аймагындагы моджахеддерди жок кылабыз деп бомбалап жаткан болчу.

- Кечиресиз, сиз жогоруда эки конверт тууралуу айттыңыз. Ал эмне болгон конверттер эле?

- Биринчи конвертте “расмий түрдө Кыргызстандын президентинин атынан Турсунбай Бакир уулу келди” деп андан ары биздин сүйлөшүүлөрдүн шарттары жазылган. Ал эми экинчи кат фарс тилиндеби же пуштубу, айтор, башка тилде экен. Баамымда өз ара сүйлөшүүлөрү окшойт.

Бүтүп калган ишке кыпчылган Турсунбек Акун. "Кабул-Дубай-Душанбе"

- Андан кийин жөнөдүңүз?..

- Жо-ок, негизи бизди 4-октябрда Дубайга учуруп жибериш керек эле, бирок, аэропортко жеткенде да түшүрүшкөн жок, машиненин айнектери караңгылатылган. Себебин сурасам, “сизди коопсуздук кызматтын адамдары издеп жүрүшөт, себеби, “сүйлөшүүгө мени Акаев жөнөткөн, мен силер менен сүйлөшөм” деп Кыргызстандан дагы бирөө Пакистанга келип алыптыр, аты да сиздикине окшош экен, самолеттон болбойт дешип дагы эки күн кармашты. Кийин, эки күндөн соң гана жардамчым экөөбүздү жүк ташуучу самолет менен жашыруун учуруп жиберишти.

- Түшүнүктүү. Сөз Турсунбек Акун жөнүндө болуп жатат, жаңылбасам. Ал киши анда эмне кылып жүрүптүр?

- Мен да ошону айтам. Кийин айттым, Болот Жанузаковго: “Ээ, силердин башыңар иштейби? Бул жакта сүйлөшүү бүтүп калган болсо, анан дагы тигини жөнөтүп, ишти ырбаттыңар” деп. Анан талибандар “президентиңердин башы барбы, жокпу? Бир ишке эки башка өкүл жөнөтөбү? Болгондо да экөөңөрдүн атыңар окшош экен, өлтүрөбүз” дегенге чейин барышпадыбы.

- Анан?..

- Анан 6-октябрда Дубайга жүк ташыган самолет менен жетип алдык. Ал жерге коноорубуз менен жардамчым “Ажыке, Тажикстанга кетчү самолеттор турат” деп айтып калды. Ошол эле жерден бизди тосуп алган башкы консул Акылбек Мураталиевге айтып, шашылыш билеттерди алдырып, Тажикстанга учуп кеттик. Кызыгы, Душанбеге учаар алдында ыраматылык Нурдин Темиров деген тажик жардамчым: “Ажыке, Душанбенин аэропортунда бизди Орусиянын аскер адамдары күтүп туруптур, бараарыбыз менен экөөбүздү камайт” дегенинен кеңешип, ал жигит Тажикстандагы оппозициячыл 26-батальондун Козик Кулан деген командирине чалып ишти түшүндүрдү, бизди тосуп алышын өтүндү.

Айткандай эле Душанбеге самолет коноору менен орус аскерлери кирип келип чекеден документтерди текшере баштады, ал аңгыча алардын артынан кирип келген тажиктер “бул экөө биздин коногубуз” дешип, орустардын каршылыгына да карабай бизди алып чыгып кетишти. Ошентип 26-батальондун казармасында 3 күн жашап калдык. Себеби, чыксак эле бизди камап коюшмак, анда Орусиянын, Американын атайын кызматтары жүрүшкөн. Акыры 3 күндөн кийин “бизге Кыргызстандан чыгып кеткен моджахеддер жана андагы туткундар керек, биргелешкен тажик оппозициясынын лидери Саид Абдулла Нуриге жолугалы” десек, алар мени ал кишиге алып барышты. Кабыл алды, буга ал кездеги Кыргызстандын Конституциялык сотунун төрайымы Чолпон Баекова күбө. Дал ошол кезде эжекебиз Тажикстанга соттордун жыйынына барган экен. Биз барганда эжекебиз Саид Абдулла Нуринин кабыл алуусун күтүп, күтүүчү залда олтурган экен.

“Чолпон Баекованын жардам катары берген “Волга” менен жансакчы Гармдан нары жарабай калды”

...Ошол жерден эжекебиз “Бизден кандай жардам керек? Моджахеддер биз менен (бийлик менен –ред.) сүйлөшпөй коюшту” деп айтып калды. Мен дароо эле “биринчи кезекте барымтадагыларды бошотуу керектигин, ал эми жардам катары бир машине, анан бир жансакчы бериңиз, анткени жолдо тигинисине да, мунусуна да баш ийбеген эки жинди талаа командирлери бар экен” десем, сурагандарымды берди.

Анан Гармга келдик, анда келип эми дасторконго олтурсак, атыш башталып кетти. Ал жерден “Волганы” таштаттырып, бизге шоопуру менен “УАЗик” беришти эле, ошо машине менен түз эле Хаитке түшүп кеттик. Шох Искендеров деген Ходженттин областтык ички иштер башкармалыгынын начальнигине бардык. Ушул жерден эскерте кетсем, Шох Искендеров азыр Тажикстандагы Ленинабаддын, азыркы кыргыз-тажик мамилелери курчуп турган аймакты бүт карайт, ошол жооптуу. Ал кезде полковник болсо, азыр генерал болуп калыптыр, аны атайы Кыргызстандын чек арасына жетекчи кылып коюшкан, себеби, көп жылдан бери ошол аймакта иштеп, ал жактын коен жатагына чейин билет дегени окшойт да.

“Тажикстандагы элчибизди тоготуп деле коюшкан жок. Аны таштап, Жума Наманганиге жардамчым экөөбүздү эле алып кетти”

Ошол. Анан ошол Искендеровго келдик, Жерге-Тал районундагы Хаит деген жерге. Бир күн мейман болгон соң чыдабай Шохко “рахмат, коюңду жедик, бирок, биз башка маселе менен келгенбиз, ИДУнун башчысы Жумабай Намангани Кыргызстандан чыгып, азыр сенин аймагыңда экен” десем, “андай эмес, менде жок” дейт. “Калп айтпа, мен билем, атайын келдим” десем уялып үйүнө кеткен.

Эртеси кара байрак илинген кара “жип” келди. Ичинен бирөө түшүп, “Турсунбай Бакир уулу ким?” деп сурады. “Олтуруңуз машинеге!” дегенинен “кое туруңуз, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси бар” десем, “Элчи жөнүндө буйрук жок, бул олтурбайт!” деп кесе сүйлөдү. “Андай болсо жардамчымды алып алалы, бул Жумабай Наманганин досу экен” десем, “Андай болсо олтурсун” деди да экөөбүздү алып кетти. Жансакчы да калды. Тигилер менен жүрүп олтуруп, бир тоонун ортосунда жайгашкан жакшы бир үйгө алып барды. Кыргызстандан чыгып кетишкен моджахеддердин айрымдары ошол жерде экен, эшик тоскучуна салам айтып ичине кирсек, олтурат Жумабай Намангани. “Бериңиз катты” деп алик алаары менен каттарды менден алып окуду. Экинчисин да окуду. Андан соң “Ажыке, ким келсе башын алайын деп жаткам. Силерде бир бети күйгөн бирөө бар экен, келсе эле башын алайын деп тургам” деди.

- Ошондо “бети күйгөн” деп кимди айтып жатыптыр?

“Намангани Турсунбек Акун, ыраматылык Үсөн Кудайбергенов, Баяман Эркинбаевдерди айтып, УКМК жетекчисинин орун басары Верчагиндин катын көрсөттү”

- Ыраматылык каскадер Үсөн Кудайбергеновду.

- Эмнеге?

- “Алар каапырлар” деп... Анан “аты сизге окшош дагы бирөө бар экен, чечендер менен түшкөн сүрөттөрү жүрөт, ал келсе да башын алабыз, себеби, анын кесепетинен бир топ туугандарыбыз камалып кетти” дейт.

- Бул эми Турсунбек Акун да?..

- Ооба, ошону айтып жатат. Андан кийин “бир мафиоз депутатыңар бар экен, Акаевге “мага уруксат бериңиз, мен 200 атчан менен барып моджахеддерди жок кылам” деп кат жазыптыр. Кана, келбейби?”, - дейт.

- Ким, кайсы депутат ошондо?

- Ыраматылык Баяман Эркинбаевди айтып жатат. Мындан башка ошол кездеги УКМКнын орун басары Верчагинди айтып, аныңар “Урматтуу, Жумабай Намангани! Каалаган жериңерге баралы же силер келгиле, вертолет менен камсыз кылабыз” деп кат жазды. “Сүйлөшпөйбүз деп жаттыңар эле, мына” деп Верчагиндин катын көрсөттү. “Бирок, сиз жүрөгүмдөн ачкыч таптыңыз, сиз менен сүйлөшөм, азыр эс алалы” деди да чогуу намаз окугандан кийин бизди Кыргызстандын аймагында каза болгон алардын талаа командири Абдулазиз Юлдашевдин бир тууган агасы Абдырахман Юлдашевге кайтартып койду.

Эртеси эртең менен жолго чыктык. Ошондо жергеталдык кыргыздарды көрдүм, булар кара байрак менен өтүп бара жатканда жолдун боюнда баштарын жерге салып, кыймылдабай турушат экен. Катуу чоочутуп коюшкан окшойт, баштарын өйдө көтөрүшпөйт. Бир топ жүргөндөн кийин шагыл төгүлгөн жол менен тоо тарапка барып бир постко такалдык. “Пароль!”, эми Наманганини алардын баары тааныйт да, ошентсе да ал паролду айтты, өтүп кеттик. Эми бул мен үчүн өзүнчө спектакль.

- Улай бериңиз андан ары...

- Андан өтүп кыргызча аталыштагы Жылуу-Суу деген жерге бардык. Мына, моджахеддердин баары ушул жерде экен, көйнөк-шымдарын, чулгоолорун жууп, илип алып жатышат ар кайсы жерде эс алышып. “Сиз ушул жерге туруп туруңуз, мен азыр үчөөнү алып келем” деди.

“Зардалыдагы кыргыз милицияны сойгон кыргыз бала мени кайтарып турду

- Кайсы үчөөнү? Ал жерде - барымтада үчөөдөн көп да?..

- Туура, алар үчөөдөн көп болчу. Ушул жерден бир нерсени айта кетейин, Бишкектен Дубайга чыгып бара жатканда Аскар Акаев мага “биринчи япондор менен генералды бошотосуң” деп айткан. Мен ошондо эле сыртка чыкканда тажик жардамчыма “генерал менен япондордун кожоюну бар экен, биз тескерисинче, алгач старшина, лейтенанттарды бошотобуз дагы, Акаев айткандарды эң акырына калтырабыз” дегенмин. Кийин Наманганиге “Сиз бул жердеги башкы командачы экенсиз, укугуңуз бар, дагы эки адамды кошуп коюңуз. Афганистандагы Тахир Юлдашев үч адамга уруксат берди, ошону менен бешөө болуп калсын” деп сурандым. “Ойлонуп көрөм” деп ал кетти, өзүнүн жата турган жерине. Эртеси күнү келип азыр алып келем деп кетти, саатты карап турдум, Жылуу-Суудан барымтадагылар турган жер канча аралык экенин. Себеби, Кыргызстанга барганда коопсуздук комитет менден сурашын билем.

Жардамчым экөөбүздү автоматчан бирөөсүнө кайтартып койгон. Анан карап туруп, “Эй, кыргызсыңбы?” десем, “каяктан билип алдыңыз” деп чоочуп кетти. Мен психологмун дедим. Ал “ооба, кыргызмын” дейт. Аты-жөнүн сурасам Акботоев Курсан экен. Анан өзү “Зардалыдагы милицияны мууздаганды уктуңуз беле?” деп сурайт. “Ооба, уккам” десем, “ошону мен кылгам” дейт беймарал. “Акмак экенсиң, тек эле койбойт белең” десем, “мени көп камачу эле, ага биздин көчөдө да майрам болот, ошондо сени менен эсептешим алам деп бир нече ирет эскерткем. Мына, ошонун сааты чыгып, ал колго түшөөрү менен колу-бутун байлап туруп, мууздап салдым” дейт. Кийин колу-буту байлануу мууздалган өлүгү табылбадыбы. Бирок, сөзүбүздүн акырында “бул тууралуу Жума Наманганиге айтпаңыз, ал билсе мени өлтүрүп коет” деп суранды. Мен негизи Наманганинин алдында ашыкча сөз да сүйлөбөшүм керек болчу, барымтадагылардын тагдыры үчүн. Бир чети ошону ойлоп, “болуптур, айтпайм” деп койдум.

- Анан тигилер келиштиби? Канча убакыт экен болжолуңузда?

- Болжолум эмес, саатымды карап койгом да, келишти, саатты карасам 1 саат 48 мүнөт өтүптүр. Беш туткунду алысыраак түшүрүп коюп Жума өзү келди да “Ажы аке, мына, сиздин айтканыңызды кылып, үчөөнө дагы экөөнү коштум” деди.

- Ушул жерден тактап албайлыбы. Ал туткундар тиги япон геологдор менен генералдан сырткары бешөөбү, же кандай?..

- Ооба, алардан башка. Баары биздин милициялар – эки ага лейтенант, эки старшина жана бир сержант.

“Генералдын атын билбей аз жерден Кудай сактады”

- Генарал калдыбы ошондо?

- Азыр. Сөз ошого бара жатат. Ошол жерден Жума айтып калды: “Убада бергем, сизден бир өтүнүчүм бар эле, генерал Шамкеев сиздин досуңуз экен, бир сүйлөшүп койбосузбу” дейт. “Мейли, сүйлөшөйүн” дегеним менен ага чейин Шамкеевди тааныбасам, анан бул жагы кандай болот болду экен, бирок досум эмес деп айтканга да болбойт деп сарсанаага түштүм. Ал учурда, ал көз ирмемдерде бир сөздөн жаңылууга болбойт эле.   

- Анан ал сизди кайдан досум деп жүрөт?

- Эми жан ширин да, жан сакташ үчүн ыраматылык генерал “Турсунбай экөөбүз жакын дос болобуз” деп койгон экен. Анткени алар “Азаттыктын” өзбекче уктурууларын дайым угушат экен. Ал күндөрдүн ар бир күнүндө ошо “Азаттыктын” өзбек дагы, кыргыз дагы уктурууларынан берип жатышкан да, менин аракеттерим тууралуу. Ошонун баарын тигилерге кошулуп генералыбыз да угуп турган экен. Ошого тигинтип айтып жиберген тура.

- Жолуктуңузбу анан?

- Ооба, жанагы эле машине менен Намангани өзү кетти да, жанагы эле убакытта Шамкеевди алып келди. Келип алыстан түшүрүп койду негедир. Генерал ошол машинеден түшөөрү менен “Оо, Туке, досум!..” деп алыстан эле ыйлап келе жатат. Мен болсо же атын билсемчи, жооп кайтарганы, “Шамкеев досум” деп айта албайсың да. Себеби, мен ага чейин ал генерал тууралуу укпаптырмын, нары Акаев да мага дайындап жатканда атын айткан эмес, болгону “генерал Шамкеевди бошот биринчилерден” деген эле. Аты ким эле дейм, атын билбесем тигилер шексинип калышы турган иш. Ошентип кыжаалатта турган учурда, болжол менен анын мага жетишине 10-15 кадам калганда Жума Намангани чыдабай кетип: “Анарбек ака, эмнеге ыйлап жатасыз? Сиз бизде конокто жүрөсүз го. Сиз биздин кадырлуу мейманыбызсыз, эмнеге ыйлап?..” деди эле шак өзүмө келе калып, аа, аты Анарбек турбайбы деген ишеничте “Оо, Анарбек досу-уум!..” деп анан мен да кыйкырып, экөөбүз кучакташып калдык.

“Кыргыз Эл Баатырын күттүрүп, Максим Бакиев менден 1 сааттай Баткен окуясы тууралуу сурады”

- ...Экөөбүз сүйлөшүп олтурдук. Ал ыйлап жатат улам. Жүрөгү ооруп жатат дегенинен Душанбеден алган дарымды бердим. Андан башка бир сумка жылуу кийимдерди Жума Наманганиге бердим, “япондорго берип коюңуз, үшүп калышпасын” деп. Анан генералды сүрөткө тартып алайын десем, “мусулмандар сүрөткө түшпөйт” деп Жума болбойт. Акыры жалдырадым: “Жан аке, уруксат бериңиз, генералды өлдү дешип жатат тигил жакта, видеого тартып алайын” десем, акыры “Анда тетиги сайдын боюна баргыла, ошол жактан тарта бересиң” деп бизди суу жээгине жөнөттү.

Анан генерал экөөбүз суунун жээгине барып көпкө сүйлөштүк, анын да ыйлаганы көпкө басылбады. Кийин ушул видеону Максим Бакиев көргөн экен, бир ирет, 2010-жылдын март айында Малайзиядан келдим. Элчи катары ал убакта жаңы түзүлгөн Кыргызстандын инвестиция, инновация жана өнүктүрүү борбордук агенттигин жетектеп турган Максим Бакиевге кирип, инвестиция маселеси боюнча кеп козгоп баштасам, “токтоңуз, мен кичине бала элем, сиз Баткенде колго түшкөн генералга бет аарчыңызды берип сооротуп жатканыңызды көргөн элем, ошону айтып бериңизчи” дейт. Мен ыңгайсыз абалда калып, “сыртта кезек күтүп Эрнест Акрамов, Омор Султановдор олтурушат” десем, “олтура беришсин, айтып берсеңиз” деди. Ошентип кыскартып олтуруп айтып бергенимде да бир саат айтыптырмын. Угуп болгон соң Максим “Ажы аке, сиз ушулардын баарын китеп кылып жазыңыз, мен чыгарып берем” деп калды. Бул жолугушуу март айында болсо, кийин, апрелде эле революция болуп кетип жатпайбы.

- Анан ошону менен китеп жазылбай калдыбы?

- Эмнеге? Жазылды.  Жаздым, болгону демөөрчү жок ушул мезгилге чейин жарыкка чыкпай жатат. Бул боюнча кимдерге гана кайрылбадым, президентке чейин “Бир аз акча бергилечи, ушул китебимди чыгарып алайын, тарых үчүн. Каяктагы Баткен согушуна барбагандар эле ал тууралуу китептерди чыгарып алышыптыр өздөрүн мактап” деп кайрылдым, майнап чыккан жок. Ошол китеп жазгандардын арасынан бир гана журналист Бекен Назаралиевдин жазганы жакты, чындыкты жазыптыр.

“Кийин баары – япондор баш болуп намаз окуп калышты”

- Жакшы, эми деле кеч эмес китебиңизди чыгарууга. Демөөрчү табылып калаар. Эми кайрадан Баткенге, Шамкеевге кайрылып барсак...

- Ооба. Ошентип бир топко сүйлөшүп олтургандан кийин генералга “видеого тартып алайын, кимгедир айтчу сөздөрүңүз бардыр” десем, камера аркылуу биринчи Акаевге кайрылды. “Урматтуу Аскар Акаевич, эгер мен керек болсом, мени бул жерден алып кетиңиз” дейт. Мен “Анарбек, мына, сизге сөз берип жатам. Ал жагынан кыжаалат болбо, дагы бир аз убакыт сабыр кыла тур. Азыр мына бул бешөөнү алып кетип жатам, кийинкисинде, дем алыш күнү силерди алып кетем” дедим. Ошентсе да президентке кайрылып коеюн деп, “Урматтуу Аскар Акаевич, бул жакта – Баткендеги элдердин көбү жер төлөдө жашайт экен. Көпчүлүгүндө свет жок, көбү Кыргызстандын сом-акчасын көрбөптүр, бул жакка өзгөчө көңүл буруш керек экен” деп сүйлөдү. Анда Баткен деген область жок, түзүлө элек болчу, Баткен району гана бар эле. Андан кийин эми үй-бүлө, туугандарыңызга бир-эки ооз сөз сүйлөп коесузбу десем “Күчүктөрүм, намаз окугула. Куран жаттагыла! Баарыбыз мусулман бололу” деп сүйлөп кирди генералыбыз. Андан ары “Мен тирүүмүн, Кудай буюрса көрүшөбүз” деди.

- Намаз окуп калышкан да, ээ, алар ал жакта?

- Ооба, бүт баары, япондор баш болуп намаз окуп калышыптыр.

- Генерал кийин намаз окуп калдыбы ошону менен?

- Кийин баары, ошол эле япондор да намаздарын үзбөй окуп жатышты. Ал эми генерал жөнүндө айта албайм, себеби, Баткен окуясынан соң ал киши мени менен мамилемди үзүп койду. Бир гана Баткен окуясын эскерүү күндөрүндө, жаңы жыл, ж.б. майрамдарда ал кишинин жардамчылары анын атынан куттуктоо открыткаларын, белек-бечкектерин алып келишчү. Себеби, Шамкеевди Баткен окуясынан кийин кайра кызматка койгон, ошол себептүү мени менен мамилени үзүп койду деп ойлойм. Кийин бир тууган агасы “Майдан” гезитине берген маегинде “Турсунбай Бакир уулуна ыраазымын, бир тууган инимди аман-эсен туткундан алып чыкты” деп айтканын окуганым бар. Андан соң 2008-жылы генерал каза болгондо батага бардым, ал жерден туугандары рахмат айтышты. Дагы бир тууган инисинин баласы “Айыл банктын” президенти экен. Жакында эле иштер менен барып калсам, ал жолугуп калып “Ажы аке, сизге рахматымды айта албай жүрдүм эле. Мен ал кишинин инисинин баласы болом” деп рахматын айтты.

- Банктын жетекчиси болсо жогоруда айткан китебиңизди чыгарууга демөөрчүлүктү ошол балага айтпаптырсыз да?..

- Айтайын дедим, уялдым. Өзү айтыш керек болчу...

Туткун талаш

- Эми ал сиздин китеп жазганыңызды билбеген чыгаар. Жакшы, кайрадан артка кайтсак?..

- Ошентип Шамкеев менен сүйлөшүп болгон соң жогоруда айтылган беш милицияга барсам, менден деле коркушат. Сакалым өскөн, жүдөп жүрсөм, “бу дагы моджахеддерден окшойт” деп ойлошсо керек да. “Мен, Турсунбай Бакир уулу, силерди Кыргызстанга алып кеткени келдим” десем, абдан сүйүнүштү. Ошондо Жума Намангани аларга “Эгерде силер Өзбекстандын милициялары болгонуңарда баарыңардын башыңарды алат элем. Кыргызстандын милициялары экенсиңер, билем, силерде кичине болсо да ыйман бар. Эми баарыңар мага “мындан ары намазды таштабайбыз” деп сөз бергиле десе баары коркконунан унчугушпайт. Ортого мен кыпчылып, “Жумабай аке, мен убада берем! Булардын бири да намазды таштабайт” дедим.

Ошентип аларды алып жөнөдүк, жолдон жанагы тажиктердин полковниги Шох Искендеров кошулду. Аны менен чогуу Жерге-Тал районунун акими – Зуура деген кыргыз эжеге кирдик. Кирсек эле ал эжекебиз да өзүн мактап, “Ажы аке, Кыргызстанга барганда Аскар Акаевге мени да айтып, жардам берди деп айтып коюңузчу” дейт. Каяктагы жардам, аны биринчи жолу көрүп жатсам. Болбосо мага эмес, моджахеддерге жардам берип жүргөн экен ал эжеке, себеби, моджахеддер ошонун аймагында – районунда жүрүшкөн. Ошентсе да “макул эже, ошентип айтам десем” бери жактан Шох “Брат, туткундагылардын ичинен бирөөнү мага берчи, мен бошоткондой болоюн” дейт. Мен таң калып, “Кандай бу, мен өзүмдүн эмес, мамлекеттин тапшырмасы менен келип бошотуп алып кетип жатам, калган бешөөсүн дагы келип чыгарам” десем, “Брат, мен Баяман менен досмун. Ошого туткундагылардын бирин Баяман бошоткон болсунчу” дейт. “Шох, мен баары үчүн жооп берем” десем, “Жо-ок, кийин сизге бирөөнү кошуп беребиз. Сиз бошотту дегендердин катарына” дейт. Анан эле канча күндөн бери жанымда жүргөн жанагы ыраматылык Нурдин Темиров деген жардамчым да “Ажы аке, мен сиз менен ака-үкө болуп калдык го. Шох экөөбүз тууганбыз, жок дегенде бирөөсүн берели” дейт. “Түй ата, таза кызык болду го бу жагы. Макул, кимди аласыңар?” десем “Чоң Алай районунун паспорт столунун начальниги Жаңыбай деген жигитти алабыз” дейт. Анан Шохко “Макул, Жаңыбай болсо Жаңыбай, бирок эртең менен саат 9га алып келип каласыңар” дедим. Эртеси айткандай саат 9да алып келишти. Ошентип ал жерден Баткенге чейин вертолет, Баткенден Кантка самолет менен учуп келдик.

“При чем тут акча? Мен бир тыйынсыз бошотуп жатам” десем, “Сиз кийлигишпеңиз. Бул тууралуу унчукпаңыз, бул биздин ишибиз” деди.

- Акча тууралуу иштер качан башталды анан?

- Мына, дал ушул жерде акча тууралуу алгачкы сөздөр башталды, тээ башта айтылган 3 миллион доллар боюнча. Мен бешөөнү УКМКга тапшырдым, ошондо азыркы акыйкатчы, ал кездеги УКМКнын дагы бир орун басары Токон Мамытов мени кабыл алды. Эртеси Аскар Акаев, Болот Жанузаковдор кабыл алып ыраазычылыктарын билдиришти. Ошол эле күнү УКМКнын төрагасы Мисир Ашыркулов мени чакырып, “азыр Япониянын элчиси келет, унчукпай олтурасыз” деп калды, өзү болсо балдакчан.

Айткандай эле көпкө күттүрбөй Япониянын элчиси котормочу, жардамчылары менен келип биз менен баш ийкеп саламдашты, бирок олтургучка олтурбай койду. Анан Ашыркулов ага “Мына, биздин адамыбыз бешөөнү бошотуп келди, андагы япон – силердин жарандарды көрдү, тирүү, аман-эсен экен, ал гана эмес жылуу кийимдерди да бериптир” деди. Алар мага башын бир аз ийишип рахматын айтышты. Ошондо Мисир Ашыркулов тигилерге “шарт мурункудай” дегенде япон элчиси “азайтса болбойбу?” деп сурады. Анда Ашыркулов “Жок, болбойт экен. Мына, адамыбыз келди, кийинкисинде силердин жарандарды алып келет” деп жооп кайтарды. Мен ошол жерден булар эмнени сүйлөшүп жатат деп шек санап калдым. Аңгыча элчи бизге дагы бир ирет баш ийкеп салам берип, чыгып кетти.

Мен ал жерден чыгып эле ал кездеги Коопсуздук кеңештин катчысы Болот Жанузаковго келип болгонун болгондой айттым. Сөз эмне жөнүндө болуп жатат, мен түшүнбөй калдым десем, ал менде диктофон бар деп ойлоду окшойт, кагазды алып, “3 тонна мука” деп жазды. Мен түшүнбөй “бу эмнеси?” десем, 3 деген 3, тонна деген миллион доллар” дейт жазып. “При чем тут акча? Мен бир тыйынсыз бошотуп жатам” десем, “Сиз кийлигишпеңиз. Бул тууралуу унчукпаңыз, бул биздин ишибиз” деди. Ачуум келип чыгып кеттим.

Анан 12-октябрда биринчи топту бошоткон болсок, туура жети күндөн кийин, тагыраагы 19-октябрда Тажикстанга кайра бардым. Барсам, Жума Намангани “Ажы аке, сизге азыр генералды берем, бирок эмне, силерге подполковник керек эмеспи?” дейт. Ал тууралуу дегеле укпаптырмын, бийлик тараптан дагы эч кимиси айткан эмес. Ал эми жанагы старшина, лейтенанттардын ата-энелери ага чейин “ортомчулар акча сурап жатышат, алар сураган акча жок” деп мага кайрылышканда “кыжаалат болбогула, акчасы жок эле бошотуп келем” деген элем. Ал эми Жума айтып жаткан подполковниктин Жолборс Жээнбаев деген агасы мени менен кошо университетте чогуу иштеген экен, ал бир ооз айтып койбоптур. Анан Жумабай Наманганин өзүнөн угуп жатканым таң калычтуу болду. “Албетте, керек. Болгону мага ал тууралуу эч ким айткан жок” десем, күлүп анан тигилерге кошуп мага Жолчу Жээнбаев деген милициянын подполковнигин кошуп берип жатат.

- А эмне үчүн ал тууралуу эч ким айткан эмес?

- Мен да ошону түшүнбөйм. Бактысы бар экен, Жумабай өзү айтып калып эстетпегенде, калып кете бермек экен. Бирок, азыр эң жакшы мамиле ошол киши менен. Экөөбүздүн мамилебиз жакшы, катташып турабыз, нары ноокаттык кайнагам да болот экен. Ар бир майрамда Жолчу аке мени куттуктайт. 2000-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо баардык мен барымтадан куткаргандар  Кара-Сууга барышкан. Себеби, ал шайлоодо Кара-Суудагы май заводдун директору, Майрам Акаеванын “подружкеси”, “темир катын” каймана аты бар Айзада Манасова мага каршы чыгып, шайлоочулардын баарын акча менен басып салган эле. Ошондо биринчи турдан кийин мени колдошуп мен барымтадан бошоткондордун – генерал менен япондордон башка баары келишип, “Карасуулук туугандар, силер базарга жакынсыңар, билебиз, эми ушу ажы акени да 500 сомго сатасыңарбы? Ажы аке болбосо Баткен окуясында канча адамдын өмүрү кыйылмак, бизди - барымтадагылардагылардын баарын өлтүрүшмөк. Бул киши биздин экинчи атабыз болуп калган” деп, шайлоонун нугун өзгөртүп салышкан.

- Кайрадан окуяга баралы...

- Ооба. Анан 3-гана этапта, япондор менен генералды бошотуп жатканда, жогоруда айтылгандай, Мисир Ашыркуловдун кабинетинде болгон сөз, тагыраагы, 3 миллион доллар “операциясы” иш жүзүнө ашырылды.

- Кантип, кандай жолдор менен?

- Ал жерде мен япондорду алып чыкканда, алар мени оюндан четтетип коюшуп, эки чемодан акча алып барышкан экен, ошону беришти. Буга далил – ал тууралуу маалыматтар “Дело №ге" чыккан жана азыр соцтармактарда да жүрөт. Ошондо биздин УКМКнын эки орус улутундагы кызматкери “биз бул акчаларды Бишкектен бери ташып келе жатабыз, акча өтө эле оор болот экен” дешкен. Бийлик ошондо япондорду алдап акчаны алышканы тууралуу маалымат кийин чыгат.

Эми ушул жерден ачыгын айтып коеюн, акча кимдерге берилди? Бир миллион доллары тажиктерге берилди, моджахеддерге эмес. Ал эми калган эки миллион долларды биздикилер бөлүштүрүп алды. Тажик тарап алган бир миллондун 200 000 долларын жанагы мен айткан Шох Искендеров алган. Ошон үчүн кыргыз-тажик чек ара чыры чыкканда президент Сооронбай Жээнбековго “Ал жерге мени жөнөтүңүз, чек ара боюнча мен сүйлөшөйүн. Анткени, Ленинабаддагы чек арага жооптуу Шох Искендеровду жакшы билем, “косяктары” бар, мен сүйлөшө алам” деп кайрылгам. Бирок, жооп болгон эмес.

Ошо. Ошону менен тажик тараптан 200 000 долларды Шох, ал эми калган 800 000 долларды Тажикстандын ошол кездеги Зиёев деген Өзгөчө кырдаалдар министри алган. Ал кийин каза болуп калды.

- Анда эмне, моджахеддер, тагыраагы, Жума Наманганилер эч нерсе албай калганбы?                            

- Ооба, алар бир тыйын да алышкан эмес. Буга видеодалил да бар, анда тажиктердин “Ура, акчасы жок бошотуп алдык!” деген видеосу бар. Себеби, ошол тажиктер мага жардам берип жатышкан да. Кызыгы, баардык иш бүткөн соң кыргыз бийлиги кайра мени менен соттошо баштады, мени “террорист” кылышып. Ошондо мен аргасыз журналисттерге пресс-конференция өткөрөйүн десем бүт пресс-борборлор баш тартышкан, мага каршы чыгышып. Акыры Россиянын “Интерфакс” агентствосу “Андай болсо бизде өткөрүңүз” деп өздөрү мага чыгышты. Ошондо дистантык спутник видеобайланыш, котормочулар аркылуу моджахеддер да сөз сүйлөшкөн. Анда көбүнчө япониянын журналисттери катышып, суроолордун көбүн ошолор беришкен. Ошондо журналисттер “3 миллион доллар алганыңар чынбы?” деп суроо беришти. Анда Жума Намангани баш болгон моджахеддер “Үстүбүздө Аллах турат, жаныңарда олтурган Турсунбай Бакир уулу күбө! Бир тыйын алган жокпуз, алсак анда олтурган Бакир уулу айтсын!” деп жооп беришти. Мен дагы айттым: “Аларга бир тыйын берген жокмун!” деп. “Андай болсо, акча кайда кетти?” деген суроолор пайда болду. Тигилер “аны биз билбейбиз” дешсе, мен болгонун болгондой айттым: “Силердин элчиңер биздин УКМКнын төрагасы Мисир Ашыркулов менен сүйлөшкөн, ошондон сурагыла” деп. Ошондо бир четин айтып да кеттим.

- Кандай эле моджахеддер туткундагыларды бир тыйынсыз бошотуп жиберишти? Балким бул жерде башка бир кызыкчылыктар бардыр?..

- Албетте, бул жерде акчадан башка мурда-кийин айтылбаган кызыкчылык бар. Аларды биздикилерге колго түшкөн моджахеддердин тагдырлары кызыктырган. Мага ошондо алар биздин камактарда жаткан 28 моджахед-туткундардын тизмесин беришкен, ушулардын ичинен карап үчөөнү чыгарып алып келесиз деп. Мен келип ошол эле Аскар Акаев, Болот Жанузаков жана Мисир Ашыркуловго түшүндүрүп, тизмени көрсөткөм. Ошондо Ашыркулов “жүрүңүз, көрөлү аларды” деп мени ээрчитип УКМКнын СИЗОсунда кирдик. Андагылардын арасында бир 19 жаштагы самарканддык тажик бала бар экен. Ошо бала: “Эгерде, мени берсеңер Жума Наманганиге эмес, Ислам Каримовго бергиле, ал кыйнабай эле атып салат. Наманганинин колуна түшсөм колу-бутумду кесип, темир бочкага салдырып, анан күнгө коюп кыйнап өлтүрөт. Андайларды көргөм” деп ыйлады. Өзү да жарадар экен. Ошол жерден Ашыркуловго “бул бала жаш экен, нары бул туура айтып жатат, Наманганиге берсек мунун жаштыгына карабайт, бул баланы алып калалы” деп айттым. Андан башка дагы бир моджахед бар экен, ал катуу орукчан экен, аны да калтыра турган болдук. Андан соң “СИЗО-1”ге бардык. Анда да бирөө аркалары, буттары ириңдеп, оюлуп кетиптир, ордунан жылдырганга да болбой турган акыбалда экен. Аны калтыра турган болдук. Анан тигилер берген тизмеде үч кыргыз бар экен. Үчөө тең моджахеддерге кошулуп согушпай, аларга азык-түлүк ташып кызмат кылган балдар экен. “Келгиле, ушул балдарды берип коелу, буларга баары бир эч нерсе кылышпайт, себеби, булар тек гана моджахеддерге азык-түлүк ташып кызмат кылган балдар экен” десем макул болушту. Анан ошол үч кыргызды салып алып самолет менен Баткенге жөнөдүк. Буга ал учурду тартып жүргөн “Пирамида” телеканалынын журналисттери күбө. Алар биз менен кошо акырына чейин барышты.

- Ошондо ал үч туткунду биздин кайсы туткундарга – япондор менен генералга алмашканы алып бардыңарбы?

- Жо, япондор эмес, бул иштин 2-этабы болчу, ал үч туткунду генерал менен жанагы эч ким эстебей койгон подполковникке алмашуу операциясы болчу. Самолет Ошко токтоп, тыныгууга эшикке чыга калсам япон журналисттери толо күтүп турушуптур. “Бир мүнөткө жооп берип коесузбу?” дешкендиктеринен “Жо, азыр эмес” деп кайра киргенче шаштым. Самолет менен Баткенге, Баткенден Карамыкка вертолет менен бардык. Ал жерде туткундун биринчи этабында чыккан, жогоруда аты айтылган паспорт столдун начальниги Жаңыбайдын атасы айыл башчы болуп иштейт экен. Ал коюңуз, керек эмес десем да болбой бир кой союп сыйлады. Эртеси Тажикстанга өтүп биз ала барган үчөөнү генерал менен подполковникке алмаштырдык. Ал эми кийинки, сүйлөшүүлөрдүн акыркы этабында япондорго алардын 6 моджахедин алмаштырганбыз. Эч кандай акча тууралуу сүйлөшүлгөн да, берилген да жок. Эми ошондо япондордун эки миллион долларын жеп алышкан бийлик бүгүн бири Москвада, бири Бишкекте олтуруп алып “эч кандай сүйлөшүү болгон эмес, эч кандай акча берилген эмес” деп жаналакетке түшүп танышууда. Уяты жоктор! Ушул күнгө чейин, андан бери 20 жыл өтсө дагы чындыкты айта алышпай келишет. Туура, мен танбайм, барымтадагыларды бошотууда көп адамдар, анын ичинде ошол эле Акаев, ошол эле Жанузаков, тажик жардамчыма паспорт жасап берген орган кызматкерлери, Дубайдагы, Тажикстандагы элчилерибиз, айтор, көптөр жардам беришти. Бирок, медалдын экинчи жагы да болот дегендей болуп жатат.

- Кийинки жылы да бастырып киришпедиби моджахеддер. Бул тууралуу эмне айтат элеңиз?

- Туура, 2000-жылы алар кайра кол салышты Кыргызстанга, мурунку жылдагыдан көбүрөөк сандагы моджахеддер менен. Бирок, мурун сабак болгон мамлекетибиз бул согушка даяр болуп турушкан эле жана аларга татыктуу жооп бере алдык. Ошондо да Аскар Акаев мени чакыртып, “Айтыңыз, Кыргызстандан чыгып кетишсин” деп суранды. Макул деп мен алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатсам аны Американын Кыргызстандагы элчиси бүт жаздырып алыптыр. Кийин эле Жогорку Кеңешке УКМКнын орун басары келип, “Биздин депутат Турсунбай Бакир уулу террористтер менен сүйлөшүп жатыптыр” деп бапылдап кирди. Таң калдым. Акыры микрофонго чыгып, “Эй, акмак! Сөзүңдү далилдебесең сотко берем. Өзүң министр болгондон кийин алгач башкы командачы Акаевден бир ооз сурап, тактап албайт белең. Мага ошол киши сүйлөшүңүз деп буйрук берип жатат” десем, “Мага АКШнын элчилиги берди” дейт. “Жакшы, берсе алгач укпайсыңбы, ал жерде эмне жөнүндө сөз болуп жатканын. Тигилерди Кыргызстандан чыгып кетүү боюнча гана сүйлөшүүлөр жүрөт. Андан сырткары ал жерде мен президенттин атынан сүйлөп жатам деген сөздөр бар го" дедим. "Кечирим сурабасаң, сотко берем2 дедим да трибунадан түшүп кеттим. Кийин албетте, сотко бердим аны. Анын сөзү “Асаба” гезитине да чыгып кетти. Мен сотто акырына чейин тураарымды билген соң экөөбүз кинодогудай болуп эки тараптан келип, жолугуштук. Ошондо ал “Турсунбай Бакирович, мени кечирип коюңуз. Экөөбүздү атайы кайраштырган башка бир күчтөр бар экен, кечир” дейт. “Марат иним, сен менин ар-намысыма коомчулук алдында, парламенттин трибунасынан шек келтирдиң, уят кылдың. Сен сотто кечирим сура, макул кечирем” дедим.

- Кечирим сурадыбы анан сотто?

- Ооба, сотко келип анын жүрүшүндө расмий кечирим сурады. Андан кийин ал кездеги эл өкүлдөр жыйынын спикери Абдыганы Эркебаев да “Мына, уяты жоктор. Депутат Турсунбай Бакир уулу күнөөсүз экенин далилдеди, ал эми министр болсо кечирим сурады” деп жалпы жыйында айтып чыккан. Ал эми “Асаба” гезити министрдин мен тууралуу жазып жибергени тууралуу министр “Мен орусча сүйлөгөн элем, сөзүмдү туура эмес которуп салышыптыр” деп калды. Анан гезиттин кожоюну, ыраматылык Мелис Эшимканов да “Биздин кабарчылар туура эмес которуп алышыптыр” деп чыкты. Ал эми аны жазган кабарчы, азыр Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурган Жылдыз Мусабекова да “Мен туура эмес которуп алыптырмын” деп туруп алды. Анан сот “Урматтуу, Турсунбай Бакир уулу, мына, министр кечирим сурады, эмне кыласыз?” деди эле “Ооба, кечирим сурады, министрди кечирдим” десем, “гезит менен журналисттерчи?” деп кайра сурайт. “Мен журналисттер менен соттошпойм” деп иш ошону менен бүттү. Мен актыгымды далилдеп алдым.

- Жакшы. Анан тиги сүйлөшүүлөр эмне болду?

- Кийин алар сүйлөшүүгө чыгышпай коюшту. Андан соң 2001-жылы Америкада жардыруу болуп Ооганстанды бомбалоо башталып кетти. Алгачкылардан болуп Жумабай Намангани өлүптүр. Кийин Тахир Юлдашев өлдү. Айтор, мени менен сүйлөшүү жүргүзчүлөрдүн көбү ошондо өлүп кетишти. Ооба, алардын жанында жүргөн чоң кызматтагы моджахеддер бар экен. Алардын бирине мен Түркияда капыстан жолугуп калдым. Ошондо ал: “Тирүү калгандардын көпчүлүгүбүз тарап кеттик. Ар ким ар кайсы өлкөгө чачырап кеттик. Мисалы, мен Түркияга келип жашап калдым” дейт...  

- Эми ажы аке, бул бир-эки күндө айтып бүтүрө койчу тема эмес экенин билебиз. Китебиңиз чыкса, коомчулук дагы көп нерседен кабардар болот деп ишене туралы. Рахмат маегиңизге!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости