www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Атамбаевди, КСДПны саткан, аларга каршы көрсөтмө берген адамды үй камагына чыгаруу бул - кош стандарттуулук!" Мындай пикирин кечээ, 25-октябрда тергөө менен кызматташууга макул болду деп, сот аркылуу тергөө абагынан үй камагына чыгарылган Атамбаевдин мурунку тарапташы Алга Кылычевге жасалган мамиле боюнча бийлик өкүлдөрүнө карата дагы бир КСДПчы Адил Турдукулов соцтармактагы баракчасына жазды.

“Үй камагына чыга турган имишти мурда эле укканбыз. Азыр биз КСДП, Атамбаевдин тарапташтары, кош стандарттуулук болуп жатканын көрүп турабыз. Мыйзамга, уставга таянып иш кылган Канат Сагымбаев түрмөдө отурат дагы, Атамбаевди, КСДПны саткан, каршы көрсөтмө берген адамды үй камагына чыгаруу бул - кош стандарттуулук! "Сага ишенген адамды сатып кетсең, бийликке жагалдансаң, үй камагына чыгасың" деген туура эмес белги. Эч кандай укукка таянбаган, саясий иш. Азыр дагы бир жаман адат пайда болду. “Иликтөө органдары менен кызматташуу” деген себеп менен адамдарды туура эмес маалымат, каралоо аркылуу башка адамдарды камоо оңой болуп калды. Бул баягы эле советтик репрессиянын кайталанып жатканынын белгиси деген ойдомун”, -дейт анда Турдукулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости