www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен шаарындагы Параң зонасын чегиртке каптап,  мөмө-жемиштердин дээрлик 50%ын жеп салды. Зыянкечтер келтирген чыгымдан улам дыйкандар кирешеден кол жууп, айла таппай турушат. Бул тууралуу Ош шаарындагы ынтымак.кж сайты жазып чыкты.

Марзия Ташованын 1 гектар өрүк багын быйыл да чегиртке каптады. Ал жыл сайын ушул мезгилде 2 тоннадай  өрүк жыйнап, жарым миллион сомго чейин пайда тапчу. Эки жылдан бери кирешеден кол жууп, зыянкечтерден арыла албай жатканын айтып даттанды.

“Дарылап эле жатабыз, бирок эч кандай жыйынтык жок. Анткени мен дарыласам, дарылай элек кошуналардан келе берет экен. Чегиртке жеп, жарты болуп калган өрүктү эч ким албайт да”,- дейт Марзия Ташова.

Чегирткелерге каршы дары себүүгө мүмкүн болбой жатат. Анткени дары себилген мөмөнү жеген адамдын ден- соолугуна зыян келет.

Мындай абал Параң айылында эки жылдан бери кайталанып, өткөн жылы өрүктөн түшүм алынган эмес. Жергиликтүү бийлик тараптан болсо жардам көрсөтүлбөй жатат. Себеби чегирткенин эки түрү гана мамлекеттин камкордугу менен жок кылынып, дыйкандарга жардам көрсөтүлөт. Тилекке каршы, Параң зонасын каптаган учурдагы чегирткелерге каршы каражат жок.

Андыктан ар бир дыйкан өз карамагындагы бак-дарактарын, эгин талааларын убагында дарылап, зыянкечтерге каршы күрөшүүсү абзел. Аны даарылоодо тиешелүү адистерден кеп-кеңеш алуу керектигин өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнөн кошумчалашты. Параң зонасынан миңге жакын дыйкан үлүш жерлерин мамлекеттен ижарага алып иштетип келишет.

Последние новости