www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы жылы айрым аткаминерлерге эстен кеткис кара такты туртуулады. 26-январда Бишкектеги Жылуулук электр борборунда авария болуп, -20 градустан ашкан суукта шаардыктар жылуулуксуз калган. 

Жыйынтыгында мурдагы Өкмөт башчы Сапар Исаков “жууркан тараталы” деп, ары-бери чуркаганы эсибизде. Ошентип Кытай тарап модернизация үчүн ЖЭБге берген 386 миллион АКШ доллары максатсыз пайдаланып, “килтейген” коррупциянын бети ачылган. 

Анын кесепетинен Башкы прокуратура тарабынан КР кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иши козголуп, ондон ашуун аткаминерлер камакка алынып, УКМК тергөө иштерин улантып келе жатат.  

Белгилей кетсек,  "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев,  Жалал-Абаддын экс-мэри Салайдин Авазов, "Электр станцияларынын" башчысы жана орун басарлары жана жооптуу кызматкерлер кармалып, УКМКнын тергөө абагында камалды.

Тилекке каршы, ЖЭБ боюнча тизмеде жоопко тартыла турган 30дан ашуун аткаминерлер бар. Алсак, жакында эле Темир Сариев УКМКнын каалгасын кармап, астанасын аттап келди. 

Эми бизге жеткен маалыматтарга узун кулактардын “күбүрт-шыбырттарына” таянсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев - 100 млн доллар, мурдагы Өкмөт башчы Сапар Исаков - 40 млн доллар, "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев – 7 млн доллар тийиштүү жерге “чисто сердечное признание” кылып, ЖЭБден “алган” акчасын атайын эсепке төгүп кеткен имиш. 

Эске сала кетсек буга чейин Өкмөт башчы Мухамбеткалый Абулгазиев Финансы министрлигинин алдында атайын эсеп ачыла тургандыгын айткан эле.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости