www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-июнда ала качкан жигиттин колунан бычакталып каза болгон Бурулайдын кыркылыгы өтүп жатат, деп билдирген Турмуш сайтына аймактык кабарчы.

60 жаштагы атасы Турдалы Кожоналиев соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына нааразы экендигин билдирди.

«Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бирок биз канааттанган жокпуз. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында кызымдын төшүндө жазуу жок деп чыгыптыр. Мен ага макул эмесмин. Бизде сүрөтү бар. Бизде далил бар. Ал эми тергөөчүнүн тарткан сүрөтүндө таптаза, эч нерсе жок болуп чыкты. Эмне кылып жасап коюшканын билбейм. Жактоочубуз кайра өтүнмө жазып берди. Мен да экспертизанын жыйынтыгына макул эмесмин деп арыз жаздым. Экспертизанын кагазын колго беришкен жок. Мен муну жөн койбойм. Кудай буюрса ачыгын чыгарам», - деди ал.

Ал эми маркумдун апасы президент С.Жээнбековдон ушул ишти акыйкат карап, өзү көзөмөлдөп берүүсүн суранып өттү.

«Экспертизанын жыйынтыгына биз макул эмеспиз. Кылмышка шектүүдөн кандай көрсөтмө алынып жатканын көрсөтүшкөн жок. Эмнеге көрсөтпөй жатат билбейм. Элдин баары нааразы», - деди ал.

Бурулайдын бир тууган эжеси Айпери: «Денени жууганда мен дагы киргем. Баарын өз көзүм менен көргөм. Кекиртекке сайылган бычакты айтышкан жок. Башындагы шишиктер чыккан жок. Башын дубалга сүздүргөн окшойт. Башында көгөргөн шишиги бар болчу. Эмнеге ушулар жазылбайт. Эмне үчүн шектүүнүн көрсөтмөсүн айтпай жатышат? Эмне үчүн жашырып жатышат?», - деди.

Маркумдун туугандары чындыкка жетүү үчүн Бурулайдын сөөгүн жерден кайра алып чыгып, экспертизага берүүгө даяр экендигин кошумчалашты.

Бурулайдын кыркылыгы Бишкек шаарындагы «Кудайберген» базарынын тарабында жайгашкан ата-энесинин үйүндө өткөрүлүүдө. Бишкек шаарынан ала качып чыккан жигиттин колунан бычакталып каза болгон 20 жаштагы кыз 29-майда жерге берилген эле.

60 жаштагы атасы Турдалы Кожоналиевдин айтымында, кызын ушул жылдын 25-августунда турмушка узатып, тоюн өткөрмөк. Бирок ага жеткирбей, 27-майда кызын 30 жаштагы жигит ала качып, андан соң милиция бөлүмүндө бычактап салган.

Милиция кызматкерлеринин маалыматына караганда, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген. Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген. РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген. Бирок Жалал-Абад облусунда төрөлүп, Бишкек шаарында жашап жаткан 20 жаштагы кыз оор жаракаттын кесепетинен жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Ал эми 29 жаштагы жигит Талас облусунун тургуну болгон. Ал кийинчерээк абакка киргизилип, өз көрсөтмөсүн берип баштаган. Ошондой эле Жайыл РИИБдин имаратында жасалган адам өлтүрүү фактысына байланыштуу тергөө иштери жана милиция кызматкерлерге карата жүргүзүлгөн кызматтык териштирүү иши Ички иштер министри Кашкара Жунушалиевдин өз көзөмөлүнө алган болчу. Бул тууралуу Турмуш сайты билдирди. 

Булак: NazarNews.kg
 

 

 

Последние новости