www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 2026-жылдын 30-апрелинде Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрдү.
Сел агындары Тамаша–Кызыл-Булак унаа жолундагы сай аркылуу, ошондой эле Пүшкөүт жана Таш-Булак сел өтүүчү сайлары аркылуу өтүп, унаа жолу убактылуу жабылды.
Учурда жеринде калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Ар бир тилкеде ӨКМдин кызматкерлери жетекчилик курам менен биргеликте иш алып барып, кырдаал көзөмөлгө алынган.
Алдын ала жүргүзүлгөн иштердин алкагында 2026-жылга карата Пүшкөүт сайынын 750 метр, Таш-Булак сайынын 650 метр аралыгы тазаланган. Натыйжада сел өз нугунда өтүп, турак үйлөргө жана социалдык объекттерге зыян келтирилген жок.
Мындан тышкары, бүгүнкү жаан-чачындын кесепетинен:
• Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айылында сел жүрүп, жеринде ӨКМ кызматкерлери иш алып барууда;
• Баткен районунун Бөжөй, Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдарында сел суулары сай нугу менен агып, жеринде ыкчам топтор иш алып барууда.
Бардык тилкелерде ӨКМ кызматкерлери жетекчилик менен биргеликте иш жүргүзүп, кырдаал көзөмөлдө. Турак үйлөргө жана социалдык объекттерге зыян келтирилген жок.