www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды 1-май – Эмгек майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу эмгек адамдары!

Сиздерди 1-май – Эмгек майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Адамзат тарыхында коомдун өнүгүшүнө, мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө жана социалдык прогресске жол ачкан эң башкы күч – бул эмгек. Эмгек ар бир үй-бүлөнүн бакубат жашоосунун, ар бир мамлекеттин бекем пайдубалынын жана ар бир элдин келечегинин негизи болуп саналат. Ар бир жетишкендиктин, ар бир ийгиликтин артында маңдай тери менен эмгектенген адамдардын аракети турат.

1-май – жаздын мээримин, жылуулугун, жаңыланууну, жаратылыштын жанданышын алып келген, эмгекти даңазалаган, эмгек адамын урматтаган өзгөчө күн. “Дүйнө падышасы эмгек болот” деп XIX кылымда акылмандын жазганы накта чындык экенин далилдеп, айрым өлкөлөр өздөрүнүн эмгеги, экспортко чыгарган товарлары аркылуу дүйнө жүзүндөгү элдердин арасында таасирдүү абройго, экономикалык жана саясий күч-кубатка ээ болушту.

Бүгүнкү күндө күжүрмөн элибиздин күрдөөлдүү эмгеги менен Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүү жолунда ишенимдүү кадам таштоодо. Өлкөбүздүн бардык аймактарында жаңы жолдор салынып, көп кабаттуу турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, ооруканалар жана башка социалдык объектилер курулуп жатат. Айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, кызмат көрсөтүү, туризм, транспорт жана байланыш тармактары менен катар жаңы доордун талаптарына жооп берген креативдүү экономика, жашыл экономика жана IT-индустриясы да өнүгүүдө.

Эмгекчилердин укуктарын коргоо, татыктуу эмгек шарттарын түзүү, иш менен, социалдык кепилдиктер менен камсыз кылуу мурдагыдан кыйла жакшы ишке ашууда. Акыркы жылдары эмгек акы, пенсия, жөлөкпулдар өлкөбүздүн Президенти С.Н. Жапаровдун жетекчилиги астындагы акылга таразаланган социалдык-экономикалык саясаттын натыйжасында кескин жогорулады. Ошону менен бирге өлкөбүздүн ар бир жаранынын алдында

 XXI кылымдын адисине татыктуу жогорку деңгээлдеги интеллект, кажыбас кайрат, жигердүү аракет менен заманбап илимди, техниканы, технологияны өздөштүрүү милдети турат.

Урматтуу мекендештер!

Бул майрам ар бириңиздерге жакшы маанай, жаңы дем-күч жана ийгилик алып келсин. Эмгекке жараша береке болуп, ар бир үйдө тынчтык, береке жана ынтымак өкүм сүрсүн. Жаздын жаркын күнү жүрөгүңүздөргө жылуулук тартуулап, келечекке болгон ишенимиңиздерди бекемдесин.

Жаз жана Эмгек майрамыңыздар менен!

1-май кут болсун!”. 

Последние новости