www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жана Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору тарабына өлкө боюнча курулуп жаткан унаа жолдорунун курулуш сапатына көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, курулуш процесстеринин технологиялык талаптарга жана белгиленген стандарттарга шайкештиги текшерилүүдө.

Көзөмөл иштеринин алкагында көчмө лаборатория аркылуу төшөлгөн асфальттан керн үлгүлөрү алынып, лабораториялык текшерүүгө жөнөтүлүүдө. Аныкталган кемчиликтер боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

Көзөмөл иштери төмөнкү аймактарда жүргүзүлүүдө:

- Бишкек шаары боюнча Жеңиш проспектиси, Дэн Сяопин проспектиси жана Калинин көчөсүндө жол куруу жана асфальт төшөө иштерине көзөмөл жүргүзүлүп, керн үлгүлөрү лабораторияга жөнөтүлдү.

- Ош шаарынын Н.Исанов, Демократ, Жумабаев, Х.Абдуллаев көчөлөрүндө, ошондой эле Б.Айтиев – Көкүм-Бий кесилишинде жана Курманжан Датка-Амир Темир көчөлөрүндөгү асфальтто багытында иштер текшерилди.

- Ош облусу боюнча Салам-Алик айыл аймагындагы 5 км унаа жолунун курулушу жана Папан суу сактагычынын жээгиндеги 2,5 км жол текшерилүүдө.

- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Жаңы-Базар, Кировка айылдарында жана Базар-Коргон районунда ички жолдорду жана тротуарларды куруу иштери көзөмөлдөнүүдө. Ошондой эле Аксы, Таш-Көмүр, Кара-Көл аймактарында асфальт төшөө жүрүүдө.

- Ысык-Көл облусунун Семеновка–Ак-Суу (21 км) жана Григорьевка–Көл-Кашка-Суу (14 км) жолдорунда асфальт төшөө иштери көзөмөлдөнүүдө. Ал эми Тоң районундагы Кара-Талаа, Шор-Булак айылдарындагы унаа жолдорунан керн үлгүлөрү алынды.  

- Чүй облусу боюнча М008 Бишкек–Күн-Туу–Шопоков–Жаңы Пахта унаа жолунун реконструкциясы, Бишкек чыгыш айланма жолу жана Арашан–Чуңкурчак багытындагы унаа жолдорунун курулуш иштери көзөмөлдөөнүүдө.

- Нарын облусунда Соң-Көл–Төлөк (5 км), Сары-Булак–Арчалуу (3,5 км) унаа жолдору, ошондой эле Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 7 км бөлүгү жана Ак-Кыя ашуусундагы 5 км участок текшерилүүдө.

- Баткен облусу боюнча Кызыл-Кыя шаарындагы Токтогул жана Жусубалиев көчөлөрү, Мин-Өрүк–Самаркандек айланма жолу жана Арпа-Сай айылындагы иштер текшерилүүдө. Мындан тышкары Бужум– Боз-Адыр, Согмент – Айгүл-Таш жолдорунда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, иштер туруктуу көзөмөлдө.

- Талас облусу, Талас шаарында 12 объектте реконструкция жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, иштин сапаты текшерилүүдө.

Бүгүнкү күндө жол курулуш объекттериндеги иштер тиешелүү башкармалыктар тарабынан туруктуу көзөмөлгө алынып, сапатты камсыз кылуу жана жол коопсуздугун жогорулатуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө.

Последние новости