www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен шаарында мындан үч жарым ай мурда курулуп баштаган социалдык шаарча пайдаланууга берилди. Кыска аралыкта курулушу аяктаган шаарчанын ачылышына, курулушун толугу менен каржылаган Кувейт мамлекетинен келген коноктор, КРнын Эмгек жана Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Кеңеш Салихов баштаган жергиликтүү жетекчилер, шаар тургундары жана турак жай алуучулар катышты.

Социалдык шаарча 25 турак үйдөн, алардын ар бири 4 батирден турат. Батирлерде жашоо үчүн керек болгон бардык шарттар түзүлүп, эмеректер менен камсыздалган. Шаарчанын айланасына ФАП, балдар бакчасы, футболдук аянтча жана мечит салынган. Ошондой эле таза суу линиясы тартылып, ар бир үй таза суу менен камсыз болгон.

Аталган бул чоң обьект багуучусу жок, турак жайы жок балалуу аялдарга кайтарымсыз берилди, - дейт "КабарИнфо" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости