www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда аммиак селитрасын (карбамид) аткезчилик жол менен экспорттоо боюнча мыйзамсыз иш-аракетке бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 1-апрелинде КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Тажикистан Республикасынын аймагына аммиак селитрасын (карбамид) аткезчилик жол менен мыйзамсыз алып өтүү иш-аракетине бөгөт коюлду. 

Баткен районунун “Маргун-Жаңы-Бак-Арка” айланып өтүүчү унаа жолунда Тажикстан Республикасынын аймагына жалпы салмагы 3,5 тоннага жакын аммиак селитрасы (карбамид) түрүндөгү жүктү алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен Баткен шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган Т.Н.И. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалган.   

Аталган унаа контрабандалык жүгү менен №2022-Аскердик бөлүгүнүн “Орто-Боз” чек ара заставасынын аймагына коюлду. Бул факты документтештирилип, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости