www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул сүрөт эрте менен инстаграм колдонуучусунан дирекке келип түштү. Анын айтымына караганда мындай көрүнүш үстүбүздөгү жылда эле болуп өткөндүгүн айтат. Чындыгында эч кандай факт, далилдер жок бул сүрөттү жүктөгүм келбеди бир жагынан балким чын эле ушундай окуя болуп өткөндүр деген ойдо калып сүрөттү жүктөөнү чечтим. Комментарий ге өз оюңузду калтырыңыз . Бардык нерсе далилденсе мен бир топ маалымат жеткирем. - деп жазып калтырган БеспределKG Фейсбук баракчага.
Эске сала кетсек, “Айгүл” гүлүн жергиликтүү тургундар корукка алып карашат. Аталган гүл, таажылуу келип, узун жалбырактуу, кочкул кызыл, сары түстө. Жакшылап карасаң гүлдүн ичинен шүүдүрүм тамчыларды байкоого болот. Жергиликтүү калк, сүйкөн эки жаштын көз жашы деп айтышат. Таштуу жерлерде өсүп, тамыры терең жайгашат.
Айгүл гүлү жыл сайын апрель айынын орто ченинде ачылып, май айынын орто ченине чейин гүлдөйт. Башка гүлдөрдөн айырмаланып анын гүлдөгөн мезгили да 20-25 күндү өзүнө камтыйт. Анын дагы бир айырмачылыгы боюнун бийиктиги 1-1,5 мге чейин жана тоонун күнгөй эмес тескей капталында өсөт.
Илимий тил менен алганда "Петимум Эдуарда" же орусча "Рябчик Эдуарда" деп аталат. Учурда Айгүл тоосу корукка алынып, андагы гуInsert non-formatted text hereл СССРдин "кызыл китебине" 1978-жылы киргизилген. "Айгүл" гүлү Баткен областынын Кара-Булак кыштагында өсөт.
Булак: NazarNews.kg