www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга, кыргызга күйгөн укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Орусияда жашап, иштеп жүргөндөргө бийлик көңүл буруусун сунуштаган куш кабар катын биздин редакцияга жөнөттү.

“Дайыма көр турмуштун, жашоонун оорчулугунан улам Орусияда жүргөн бир боорубуздун укуктары тебеленип, улутчулдардын зордук-зомбулуктарына кабылгандарга көңүл бурчу жан барбы, деги?! Жогорку жактагылар алардын жакындарына жиберген акчаларын санап мактанышат. Мигранттардын акчаларын эмес, алардын тагдырын ойлосоңор боло! Биздин жарандардын күчүн алып, бирок, адам катары көрбөй, ат үстүнөн мамиле жасаган орусиялыктарды калыстыкка, адилет болууга чакырайлыбы! Биздин бийлик Орусия Думасынын күн тартибине так ушул маселенин тезинен каралуусун, талап кылуусун сунуштар элем”,-дейт укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости