www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен районундагы кыргыз-тажик чек ара чырынан дагы төрт адам жаракат алып ооруканага түштү. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Баткен облустук бириккен оорукананын башкы дарыгери Азизбек Жунусов саат 14:30га карата маалымат берген. Анын айтымында, жарадар болгон төрт кыргызстандык тез жардам унаасы менен алып келинген. Учурда аларды медициналык кароодон өткөрүп, жаракатынын деңгээли аныкталып жатат.

Министрлик кошумча маалымат берилерин билдирди.

Буга чейин дагы эртең менен төрт адам медицина мекемелерине кайрылып, ок тийген бир жарандын абалы оор экени айтылган.

Эске салак, 28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.

Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.

Окуя учурунда төрт кыргызстандык жаракат алып, алардын ичинен бирөө ок жеп оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, бүгүнкү күндө анын 504 чакырымы гана такталган. Эки өлкө эгемендүүлүк алгандан бери талаштуу 70 аймактын тагдырын чече албай келет.

Ал эми кыргызстандын борбору Бишкек шаарында чек ара чырына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулмай болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости