www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Баткен районунун чек арага чектеш Кыштут айыл аймагынын эли менен дагы жолугуп, Таян айылындагы социалдык обьектилердин ал-абалы менен таанышты.

Өзбекстандын Сох району менен чектеш жайгашкан Баткен районунун Кыштут айыл аймагына иш сапарында өкмөт өкүлү адегенде Таян айылындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин ал-абалы менен бир сыйрадан таанышты. Айылдык оорукананын жетекчилигинин маалыматында айылдагы эски оорукана учурда капиталдык оңдоп- түзөөгө абдан муктаж.

Мындан 50 жыл абалы дээрлик элдик ашар жолу менен курулган ооруканадан жаан жааганда чатырынан суу өтүп ыңгайсыздыктар жаралат. 8000ге жакын калкты тейлеген ооруканада эки орундуу төрөткана дагы иштейт. Аталган мекеменин бүгүнкү акыбалын көргөн Абиш Халмурзаев азырынча оорукананын чатырын алмаштырууга гана көмөктөшөөрүн билдирди. Ал эми жергиликтүү калктын айтымында, чек арада жайгашкан шарты катаал аймакта жумушсуздук абдан эле күч.

Мындан улам жыл өткөн сайын айылдан башка жакка көчүп кеткен үй-бүлөлөрдүн саны дагы улам көбөйүп баратат. Ошондой эле эгемендүүлүк жылдары бир дагы жаңы социалдык обьектилер курулбагандыгына, маданий, спорттук обьектилердин, жада калса мектептин да спорт залы жоктугуна даттанышты. Ушундан улам Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев айыл өкмөт башчысынын ишин абдан катуу сындады.

Мамлекет берип жаткан арзан насыяларды пайдаланып, айылдагы 5000дей бодо малдан алынган сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу боюнча сунушун айтып, бул демилгени ишке ашырам деген ишкерлерге жеке өзү колдоо көрсөтөөрүн билдирди. Ошондой эле аймактын климаттык шартына ылайыктуу мөмө бактарын отургузуу менен да киреше табууга болоорун айтып, теплица, тамчылатып сугарууну колго алууга чакырды. Мындан тышкары, айылдын салкын климатына балчылык дагы абдан эле кирешелүү болоорун белгиледи.

Ал эми социалдык обектилердин көйгөйү боюнча айыл өкмөт башчысы долбоорлорду жазып, изденип иштеп, аймактын көйгөйүн чечүү керектигин кыйытты. Мындан тышкары Кыргыз Өкмөтүнүн өкүлү “Өзбекстан Республикасы менен бирге базар ачуу боюнча иштеп жатабыз. Буюрса, бул план ишке ашса, соода-сатык багытында кошуна мамлекет менен тыгыз кызматташабыз!” - деди. Чекарага чектеш жайланышкан кыштактардын өкүлдөрү Кыштут айыл аймагындагы Катыке жайыты боюнча маселени дагы чукул арада чечип берүүнү абдан суранышты.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында. Катыке жайлоосунда ата-бабаларыбыз мекендегенине карабай, учурда өзбек жарандары талашып, акырындап бак-дарактарды тигип жаткандыгын жана өзбек чек арачылары кайтарып, кыргыз жарандарын өткөрбөй жаткандыгын билдиришип, биз тараптан да чек арачыларды коюп берүүнү суранышты.

Бул маселе боюнча Абиш Халмурзаев Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен чөлкөмү боюнча башчысы Замирбек Мийзаевге дароо тапшырма берип, маселени чукул арада жөнгө салууну тапшырды. Ошондой эле өкүл өз сөзүндө Өзбекстан Республикасы менен акыркы учурларда чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр дагыле жүрүп жатканын жана ар бир такталбаган чек араны чыр чатакка жеткирбей алмашуу жолу менен чечүү үстүндө иш жүрүп аткандыгын кошумчалады.

Булак: “Майдан.kg” 

Последние новости