www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ногоевге эл ыраазы

Панфилов районунун акими өмүр Ногоев кечээ өз арызы менен кызматынан кетти. Ал буга чейин эле үй-бүлөлүк шартына байланыштуу кызматтан кетүү боюнча арызын жазып келген. Бирок өкмөт тараптан дагы иштеп туруусун айтышкан. Учурда Панфилов районунун эли Ногоевдин кызматтан кеткендиги тууралуу маалыматты угуп, абдан кайгырып жатышат.

Анткени, Өмүр мырза аталган райондун элинин ынтымагын бекемдеп, эл үчүн кам көрүп, интрига-ушак деген нерселерден алыс болуп, чындап район үчүн күйүп, болгон тажрыйбасын жумшады. Анан кантип эл аны жаман көрсүн. Кыргызстандагы ар бир жетекчи Ногоевдей болуп иштеп берсе, өлкөбүз гүлдөп кетмек эбак эле.

Мындан мурда милиция тармагында кызмат кылып, көптөгөн тажрыйбага ээ болгон Ногоевди өкмөт ушул бойдон калтырып койбой, үй-бүлөлүк шарты бир калыпка келген соң, анын тажрыйбасын эл үчүн, мамлекет үчүн пайдаланыш керек. Ногоев бир райондун эмес, республикалык деңгээлде элине кызмат кылып берчү жигит. Керек болсо, кадыр-баркы күн санап төмөндөп бараткан кыргыз милициясына реформа жасачу жигит мына ушул Ногоев болушу мүмкүн. Атамбаев жана анын командасы, кыргыз эли­нин мыкты улан-кыздарынын тажрыйбасын жана билимин мамлекеттин келечеги учун пайдаланышы керек...

Булак: "Ачык саясат плюс"

Последние новости