www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамекенчи Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Биринчи май райондук сотунда каралууда. Текебаев сот процессинде да өзүнүн популисттик ыкмасын колдонуп жиберди. Сот процесси кыргызча өтсүн деп кыргыз тилине күйгөн киши көрүнүп жатты эле өзүнүн жактоочулары соттук отурумдун аягына чейин орусча сүйлөп жатышты.

Документтери да орусча даярдалган экен. Муну менен биз эмнени айткыбыз келди, буга чейин тил маселеси канча ирет көтөрүлүп келген. Ошондо эне тилдин таламын талашып Чиркешович бир сүйлөп койду беле? Жок.

Анан эми сотто кыргыз тили деп бакырып жатканына жол болсун демекчибиз. Ал гана эмес паспорттогу улуту деген графа алынып жатканда Жогорку Кеңештин трибунасынан улут үчүн бир ооз сөз сүйлөп койгон эмес. А бүгүн анын жандоочтору Текебаевди улут лидери катары сыпаттап жатышат. Улутка күйбөгөн да улуттук лидер болобу?

Булак: "Ачык саясат плюс"

Следующий >

Последние новости