www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда ден соолугуна байланыштуу шайлоо тилкесине бара албай турган 1351 адам бүгүн 3-октябрда көчмө урна аркылуу добуш берүүдө. Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.

Ага ылайык, пандемияга байланыштуу шайлоо тилкелеринде жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бардык шарттар түзүлгөн. Шайлоо күнү коомдук тартипти камсыз кылууга 622 милиция кызматкери тартылган.

Баткен облусунда 215 шайлоо тилкеси, 284265 шайлоочу бар.

Кыргыз Республикасыныны Жогорку Кеңешине шайлоо эртең, 4-октябрда өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости