www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Германиянын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайерди жана Германиянын Канцлери Ангела Меркелди улуттук майрамы — Германиянын Биримдик күнү менен куттуктады - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Куттуктоо телеграммаларында Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасы жана Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын көптөгөн тармактарында акыркы жылдарда олуттуу ийгиликтерге жетишилгенин белгиледи.

Буга байланыштуу, ал эки мамлекеттин ортосундагы салттуу достук мамилелер мындан ары дагы Кыргызстан менен Германиянын саясий, экономикалык жана маданий мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга бекем негиз болуп бере тургандыгына ишенимин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Германиянын жетекчилигине бекем ден соолук жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми дос мамиледеги немис элине тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости