www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шамалдап калуу инфекцияга каршы турган иммунитетти начарлатат. Ошол себептен COVID-19 күчөп турган маалда адам өзүн жылуу алып жүрүшү зарыл. Бул тууралуу РИА Новостиге Роспотребнадзордун Борбордук эпидемиология илим-изилдөө институтунун клиникалык-аналитикалык иштер боюнча директорунун орун басары Наталья Пшеничная айтып берген.

Пшеничная учурда Роспотребнадзор (Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча федералдык кызмат) сунуштаган эрежелерди сактоо зарыл экенин билдирген.

"Маска тагынып, колду жууп, аралыкты сактоо керек, ошондой эле үшүп калбаганга аракет жасаңыздар", — деген адис.

Роспотребнадзордун өкүлү COVID-19 жаңы илдет болгондуктан ага чалдыккандардын саны бирде өсүп, кайра азайып жатканына эмне себеп экенин түшүндүрүү кыйын экенин белгилеген.

Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны 34 503 125ке жетсе, 1 026 756 адам каза тапты. Ал эми 23 миңден ашык киши ооруну жеңди.

Оору эң көп аныкталган өлкөлөрдүн башында Америка, Индия, Бразилия жана Россия турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости