www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн “Баха Базар-Коргонскийдин” баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу   Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 1-октябрь күнү Жалал-Абад ОИИБдин КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсү жана КРнын ИИМдин “Шумкар” АБПнын кызматкерлери тарабынан Базар-Коргон районунун тургуну, мурда Россия Федерациясынын аймагында жана  КРнын КЖКнын 167-бер. (Тоноо) менен соттолгон, крим-чөйрөдө “Баха  Базар-Коргонский” деп таанылган, КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган 1981-ж.т. А.Б. кармалган.

Ага карата Базар-Коргон районунун 1960-ж.т. тургуну А.Ш. милицияга арыз жазып 110 000 (бир жүз он миң) сом акчасын алдап алып, убада кылган иштерин бүтүрбөй же акчасын кайтарып бербей алдап качып жүргөндүгүн билдирген.  

Аталган факты Жалал-Абад ОИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.  

Бүгүн 3-октябрда алдамчылыкка шектелген А.Б. баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости