www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунда акыркы эки айдын ичинде электроцикл башкарган 14 жаштагы эки өспүрүм жол-транспорт кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу аймактык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Биринчи окуя Баткен районунун Кызыл-Бел айылында орун алган. Электрдик трицикл айдап бараткан 14 жаштагы өспүрүм унаа менен кагылышып, каза болгон.
Экинчи жол кырсыгы Баткен районунун Орто-Боз айылында катталган. Электрдик трицикл башкарган дагы бир 14 жаштагы өспүрүм жолдун унаа өтүүчү бөлүгүнө чыгып кетип, кырсыктын кесепетинен каза тапкан.
Башкармалыктан белгилешкендей, акыркы учурда облуста скутер, мопед жана электрдик трицикл айдоочулары тарабынан Жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуу учурлары көбөйгөн.
Эскерте кетсек, июнь айында Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган мыйзам кабыл алынган. Документ жеке мобилдик каражаттар үчүн жаңы эрежелерди киргизип, ошондой эле мопеддерди, скутерлерди жана электроскутерлерди милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүүнү жана А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүктү алууну караштырган.