www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен шаарында рейд жүргүзүлүп, үйдө өткөрүлүп жаткан эки той токтотулуп, 3000 сом өлчөмүндө айып салынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, той ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, коронавирус менен ооруп, жакшылыкта жүргөн кишиге атайын органдар чара көргөн.

"26-28-сентябрь күндөрү жалпы облус боюнча 1036 ишканага, той өткөргөн турак үйлөргө жана коомдук жайларда рейд жүрүп, жалпы 193 миң сомго айып салынды. Анын ичинен үйүнө той берген 11 кишиге Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстин 293-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, ар бирине 3000 сомдон айып пул салынды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын "Таштемир Ажы" соода базары санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн Жоруктар кодексинин 127-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости